Перейти на новый сайт

MegaCom Mobile World хайтек-форумуна катышууда

MegaCom Mobile World хайтек-форумуна катышууда

25- февралда, Барселона шаарында, Бүткүл дүйнөлүк мобилдик технологиялар конгресси (Mobile World Congress) өз ишин баштады. MegaCom компаниясынын өкүлдөрү 28-февралда жыйынтыкталуучу бул маанилүү форумдун «Телекоммуникация аймагын кеңейтүү» деген аталыштагы конференцияга катышууда.

Mobile World Congress –бүгүнкү күндөгү эң маанилүү иш-чаралардын бири.Конгресс байланыш чөйрөсүндөгү ири телекоммуникациялык компаниялардын башын бириктирип келет. Мобилдик байланыш операторлорунун жетекчилери жана адистери катышкан конгрессти жыл сайын февралда өткөрүү салтка айланган. Дүйнө жүзүнүн булуң-бурчтарынан барган өкүлдөр Microsoft, LG, Samsung сыяктуу беделдүү компаниялардын жаңы жетишкендиктерине күбө боло алышат.

MWC 2013 конгрессинде уюштурулган көргөзмөгө катышуу - MegaCom компаниясынын адистери үчүн мобилдик түзмөктөрдүн жана IT –жабдууларынын өндүрүүчүлөрү менен жолугушуп, алар менен тажрыйба алмашуусунун бирден-бир өбөлгөсү. Бул жолу смартфондорго өзгөчө басым жасалаары күтүлүүдө.

Компаниянын мындай масштабдагы иш-чараларга катышуусу Кыргызстандагы байланыш тармагын өнүктүрүүгө жол ачып, MegaCom абоненттерине алгачкылардан болуп уюлдук байланыш тармагындагы жаңы кызматтар менен пайдалануусуна мүмкүнчүлүк түзөрү бышык.

Маалымдама:

  • 2010-жылкы MWC форумунун эң башкы жаңылыгы Microsoft компаниясынын Windows Phone 7 жаңы мобилдүү операциялык тутумунун бетачары болсо,
  • 2011 –жылы уюшулган көргөзмөдө бүгүнкү күндө кеңири таралган Android-смартфондору жана планшеттери көңүл борборунда турган.
  • 2012-жылы Microsoft Windows 8 бета-версиясын ойлоп чыгаргандыгы менен катышуучуларды таң калтырса,
  • ал эми 2013-жылы уюштурулган көргөзмөнүн ээлеген аянты өткөн жылга салыштырмалуу 7 эсеге чоң болгондугу менен айырмаланат.
     

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы