Перейти на новый сайт
«VIP Service» - байланыш кызматтарын башкаруунун жаңы ыкмасы!

 «VIP Service» - байланыш кызматтарын башкаруунун жаңы ыкмасы!

Жетекчилер, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү түрдүү милдеттерди аткаруу менен оор жүктү аркалап келишет. Алар ар бир мүнөтүн туура пайдалануу менен, убакытка уттурбастан ийгиликтерге жетише алышат. MegaComдун «VIP Service» уникалдуу кызматы, корпоративдик топтун жетекчилерине, электрондук почта аркылуу мобилдик байланыш кызматтарын аралыктан башкаруу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Корпоративдик топтун жетекчиси vipservice@megacom.kg электрондук дарегине табыштама жөнөтүү аркылуу өз кесиптештерине зарыл болгон кошумча кызматтарды, эл аралык байланыш кызматын кошуу, тарифтик планды, абоненттик номурду алмаштыруу сыяктуу кызматтар менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

MegaCom компаниясынын корпоративдик жана VIP кардарлар менен иштөө бөлүмүнө кайрылып, жаңы кызматка акысыз кошулууга болот. Кызмат жана кошулуу шарттары тууралуу толук маалыматты шилтеме боюнча алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы