Перейти на новый сайт
MegaCom роуминги Сингапурда пайда болду

MegaCom роуминги Сингапурда пайда болду

Сингапур Республикасындагы StarHub Mobile Pte Ltd операторунун тармагында MegaComдун роуминг кызматы ишке кирди. Буга чейин, 2011-жылдын 23-сентябрынан баштап, MegaComдун абоненттери Сингапурдагы M1 Limited оператору аркылуу роуминг кызматы менен пайдаланып келишкен.

MegaCom компаниясы роуминг кызматы сунушталган чет өлкөлүк операторлордун тизмесин күн санап көбөйтүүдө. Эгер мурда чет өлкөдө, барган өлкөнүн операторунун сим-картасын алуу зарыл болсо, азыр өлкөнүн алдыңкы уюлдук операторунун роуминги аркылуу, көнгөн өз номериңизден жакындарыңыз, туугандарыңыз, досторуңуз жана ишкер өнөктөштөрүңүз менен суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою байланышта болосуз.

Кызматтар боюнча тарифтер, өлкөлөрдүн жана өнөктөш - операторлордун тизмеси менен MegaComдун сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан жана *500 же 0555 500000 номерлери боюнча кардарларды колдоо кызматынын адистеринен жана MegaCom компаниясынын расмий сайтынан таанышууга болот.

MegaCom роуминги аркылуу сиз ар дүйнө менен байланышта болосуз.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы