Перейти на новый сайт
MegaComдун ишмердүүлүгү өкмөт тарабынан оң бааланды

MegaComдун ишмердүүлүгү өкмөт тарабынан оң бааланды

MegaCom компаниясынын өлкө аймагын телефондоштуруудагы жасаган иши өзгөчө баага арзып, ардак грамотасына татыды. Мындай наам 5 -октябрда, Кыргызстандын Мамлекеттик байланыш агенттигинин 15 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн салтанаттын жүрүшүндө ыйгарылды.

MegaCom компаниясынын Башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов, өз сөзүндө, кесиптештерин майрамы менен куттуктап, Байланыш агенттигнин өлкөнүн турмушунда өтө маанилүүлү милдеттерди аркалап жатканын белгиледи.

Биздин компаниябыздын ишмердүүлүгүнө мамлекет тарабынан оң баа берилиши – биздин компания үчүн чоң сыймык. Бара-бара мобилдик байланыш эбегейсиз суроо-талапка ээ болоору анык эле. Эми бул сыйлыкка ээ болуу менен биздин компанияга мурдагыдан да жогору ишеним артылаары турган иш. Компаниянын бүгүнкү күндөгү өнүгүү динамикасын сактап калуу менен тармакты кеңейтүү боюнча аракетибизди уланта бермекчибиз”, - деди А. Базаркулов.

Кыргызстандын Байланыш агенттиги БУУнун алдындагы Эл аралык электр байланыш уюму менен тыгыз кызматташат. MegaCom компаниясы да аталган уюмга алгачкылардан болуп мүчө катары кабыл алынган.

MegaCom компаниясынын биринчи абонентинин эң алгачкы телефон чалуусунан бери, алты жылдан бир аз ашыгыраак убакыт өттү. Бул убакыттын аралыгында тармак тынбай өнүгүп, бүгүнкү күндө 1200дөн ашуун базалык станция ишке киргизилди.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы