Перейти на новый сайт
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери MegaComго ыраазычылык билдиришүүдө

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери MegaComго ыраазычылык билдиришүүдө

MegaCom уюлдук операторунун ардагерлерге көрсөткөн колдоосуна ыраазычылыгын билдирүү максатында, компаниянын наамына, Улуу Ата Мекендик согуштун жалпы ардагерлеринин атынан, MegaCom абоненти, согуштун ардагери, Кыргызстандагы үч даражадагы «Даңк Орденинин » кавалери,”3-даражадагы Манас орденинин” жана дагы көп сандаган сыйлыктардын ээси Мстислав Ивановдун колу коюлган төмөнкү мазмундагы кат келген:

” Урматтуу MegaCom компаниясынын жетекчилиги жана кызматкерлери. Бизге, Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине, көрсөткөн материалдык көмөгүңүздөр, сиздердин жүрөк жылыткан жылуу мамилеңиздер үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер! Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана жеке жашооңуздарга бактылуу көз ирмемдерди каалайм! Терең урматтоо менен, сиздердин абонент Иванов Мстислав Борисович”.

Үстүбүздөгү жылы өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору MegaCom Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 67 жылдыгына карата кайрымдуулук SMS-марафонун өткөрдү. «Улуу Жеңишке - 67 жыл!» кайрымдуулук SMS-акциясынын алкагында MegaCom компаниясынын абоненттери урпактарынын бейпилдиги, жаркын келечеги үчүн жан аябай салгылашкан Ата Мекендин эр жүрөк коргоочуларына өзүлөрүнүн сый-урматын билдиришти.

Акция 2012-жылдын 6-апрелинен 10-майына чейин созулуп, бир ай аралыгында MegaCom абоненттери 1945 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүү менен, өз телефонунун эсебинен ардагерлерди колдоо үчүн 20 сом которуп жатышты. Салыктарды эсепке албаганда баардыгы болуп 722 миң 263 сом чогулган. Абоненттерден чогулган каражаттар “Даңк”, “Кызыл жылдыз” ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээлери болгон ардагерлерибизге бөлүнүп берилип, 267 ардагер 2700 сомдон алышат. Алардын тизмелери Кыргызстандын Коргоо министрлигинин мобилизациялык башкармалыгынын жардамы менен түзүлгөн.

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, согуш ардагерлерине жана оорук эмгекчилерине байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Жыл сайын Жеңиш Күнүнүн урматына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, өлкөбүздөгү 1000 согуш ардагерине акча каражаттар бөлүнүп берилип турат.


Мындан тышкары, 1945 номерине акча которуу, эми, туруктуу негизде жүргүзүлүп, ар бир атуул Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине жардам көрсөтүү үчүн өз салымын кошо алат. 

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы