Перейти на новый сайт
MegaCom: Жайкы эс алууңду 3,5 G менен жаркын түскө боё

MegaCom: Жайкы эс алууңду 3,5 G менен жаркын түскө боё

MegaCom уюлдук операторунун абоненттеринин Ысык-Көлдөгү эс алуусу, эми үчүнчү муун мобилдик байланышы менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен коштолот. 3,5 G технологиясы байланыш ылдамдыгын бир канча эсеге жогорулаткандыктан, үндү угуу гана эмес, мультимедиялык кызматтардын түрүнөн пайдаланууну дагы шарттайт.

Кезектеги жайкы эс алуу маалынын башталышы менен, тагыраак айтканда ушул жылдын июлунан баштап, кыргыз берметинин жээгинде эс алып жаткан бардык кыргызстандыктар жана жергебиздин меймандары, көз ирмем ичинде сүрөттөр менен алмашуу, баарлашуу учурунда маектешин көрүү жана “Видеочалуу” аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

MegaComдун 3,5G мобилдик технологиясы аркылуу Сиз ылдамдыгы - 14,4 Мбит/с. болгон ыкчам интернетке ээ болосуз жана анын жардамы менен онлайн баарлашуу дүйнөсүнө чөмүлүп, сүйүктүү сайттарды көз ачып-жумгуча барактап, бүткүл дүйнө тармагынын ресурстарына, популярдуу каналдарга кире аласыз жана дагы дүйнөдөгү эң ири видео хостинг сервистери Сиздин кызматыңызда болот.

“Компания тарабынан Ысык-Көл областында орнотулган базалык станциялар 4G (төртүнчү муун) байланышы үчүн ылайыкталгандыктан, MegaCom компаниясы келечекте төртүнчү муун байланышын өз абоненттерине сунуштай алат,” – деп баяндады компаниянын радио-пландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Курманбаев.

Үчүнчү муун байланышынын баардык мүмкүнчүлүктөрү менен колдонуу үчүн 3G стандартын колдогон телефон же USB-модем зарыл болот. Мындан тышкары MegaCom түйүнүнүн 3G байланышы камтыган аймакта болууңуз керек. 3,5G кызматын кошуу боюнча толук маалыматты Сиз компаниянын www. Megacom. кg расмий сайтынан билсеңиз болот.

Азыркы учурда, 3,5G байланышы Ысык-Көл областынын түндүк жээгиндеги Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларын, Тамчы, Чок-Тал, Чоң-Сары-Ой, Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Булан-Сөгөттү, Григорьевка, Түп айылдарын жана түштүк жээгиндеги Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Саруу, Барскоон, Бөкөнбаев айылдарын камтууда. Келечекте MegaCom заманбап байланышы Ош жана Жалал-Абад областтарында пайда болушу күтүлүүдө.

MegaComдун 3,5G байланышы менен соңку окуялардан кабардар болуңуз!
 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы