MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 6 – июлда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө: Токмок шаары, 70 лет Октября көч., Чүй областынын Ставропавловка, Байтик айылдары, Кара-Балта шаары Центральная көч., Ысык-Көл областынын Бостери айылы.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы