Перейти на новый сайт
MegaCom - Кыргызстандагы эң мыкты уюлдук байланыш оператору

MegaCom - Кыргызстандагы эң мыкты уюлдук байланыш оператору

“Tazabek” маалымат агентигинин версиясы боюнча, эң мыкты уюлдук байланыш оператору болуп MegaCom компаниясы, аныкталды. Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын улуттук байланыш операторлорунун мыктысын аныктоо үчүн, бизнес-порталда 2012-жылдын 12-апрелинен 20-апрелине чейин добуш берүү жүргүзүлгөн. Добуш берүүгө 3567 колдонуучу катышып, анын 1500гө жакыны MegaCom уюлдук оператору үчүн добуш беришкен.

Компания абоненттери менен болгон эки тараптуу байланышка өзгөчө көңүл бурат. Интернет –добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген ийгилик – уюлдук оператордун ар бир абоненттин көңүлүнө төп келгендей шарттары түшүнүктүү, ыңгайлуу, жана тунук болгон тарифтик пландарды жана опцияларды иштеп чыгып жаткандыгынын далили. Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын санын көбөйтүү жана сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу үчүн MegaCom жабдууларын жаңыртууну колго алууда, бул өз кезегинде үн трафигинин, mms, sms – билдирүүлөрдүн сапатын, GPRS, 3G кызматтарынын ылдамдыгын жогорулатууну камсыз кылат.

Мындан тышкары, алдыңкы уюлдук оператор байланыштын була-оптикалык тилкесин ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырыш үчүн тендер жарыялады (БОТ). Бул тилке өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырат. Жеке була-оптикалык инфрастуктурасын ишке киргизүү “АльфаТелеком” ЖАК үчүн, транспорт тармагынын сыйымдуулугун, абоненттери үчүн байланыш сапатын жогорулатуу.

MegaCom уюлдук оператору компанияга ишеним көрсөткөн өз абоненттерине ыраазычылык билдирет. MegaCom өзүнүн ар бир абонентин баалайт!
 

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы