Перейти на новый сайт

MegaCom “Супер Инфонун” кубогун жеңип алды

MegaCom “Супер Инфонун” кубогун жеңип алды

2011-жылдын 28 жана 29-май күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлгөн футбол боюнча турнирге катышкан сегиз команданын ичинен мегакомдуктар эң мыкты оюнду көрсөтө алышты.

«Тамашоу» лигасынын курама командасын 2:1 эсеби менен жеңил жеңип чыгып, улуттук уюлдук оператордун командасы жарым финалда «Гермес-Профи» спорт клубунун футболчулары менен беттешти – жана кайрадан MegaCom командасынын пайдасына 2:1 эсебинде оюн аяктаган. Super.kg, маалымат порталынын атын коргогон атаандаштарына карата финалдык матч баштагы эле көркөмдүү – 2:1 эсеби менен аяктаган жана MegaCom – жеңүүчү болду!

Мегакомдуктардын командасында борбордук жарым коргоочу Тилек Сулайманбеков айырмаланган, ал атаандаштарынын дарбазасына 4 топту киргизе алды, ал эми борбордук чабуулчу Улан Барпиев – уюлдук компаниянын эсебине 2 топту алып келген. Турнирдин мыкты оюнчусу катары MegaCom компаниясынын командасынын капитаны Джунсаев Мукаш табылды.

«Супер-Инфо» гезитинин кубогуна футбол боюнча турнир жыл сайын өткөрүлөт, бирок колуна көптөн күткөн сыйлыкты алуу менен алдынкы орунга MegaCom компаниясынын командасы алгачкы жолу чыгып жатат, - өткөн жылы мегакомдуктар үчүнчү орунга татыктуу болгон эле.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы