Перейти на новый сайт


Юлия Ершова: «MegaCom – бул туруктуулук, чынчылдык жана жаркын келечек!»

2016-жылдын 28-апрели MegaComдун тарыхында өзгөчө күн катары калаары бышык. Дал ушул күнү компаниянын уюшулганына 10 жылдын жүзү болду. «10 жыл бирге!» долбоорунун алкагында, компаниянын пайдубалы түптөлгөн күндөн тарта  талбай эмгектенип, уюлдук оператордун өнүгүүсүнө  бараандуу салымын кошуп келе жаткан кызматкерлер тууралуу баяндап турмакчыбыз.

Биздин эң алгачкы маегибиз Юлия  Ершова  менен  болмокчу. Маектешибиз Юлия 2006-жылдын май айынан тарта уюлдук оператордун  насыялык көзөмөл бөлүмүнүн адиси болуп иштей баштаган болсо, бүгүнкү күндө Маалымат системаларын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси кызматын аркалап келет.

Юлия, айтсаңыз, компаниядагы иштеген 10 жылдын ичинде эмнеге жетиштиңиз?

MegaComдо иштөө мендеги көп  жакшы сапаттарды калыптандырды, маселен тыкандыкка жана ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүп турууга, жигердүүлүккө. Күн өткөн сайын базардын шарттары өзгөрүүдө. MegaCom да  заман талабына шайкеш кадам таштоодо. Жаңы технологиялар, жаңы кызматтар ишке киргизилип, колдонуудагылары жакшыртылып келет.

Эгерде Сизде компаниянын кайсы бир бөлүмүндө/департаментинде убактылуу иштеп туруу мүмкүнчүлүгү жаралса, өз күчүңүздү кайсы багытта сынап көрөт элеңиз? 

Мен MegaComдо иштей баштагандан тарта бир нече бөлүмдө эмгектендим. Насыялык көзөмөл бөлүмүндө адис болуп иштөөдөн баштасам, бир нече айдан кийин насыялык көзөмөл бөлүмүндө менеджер болуп иштей баштадым. Андан соң биллинг бөлүмүнө чакырышты. Биллинг бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткардым. Бирок мен өзүмдү ишканабыздын негизин- байланыш инфраструктурасын колдоп жана өнүктүргөн   техникалык дирекцияда сынап көргүм келет. Коммутаторлордун, базалык станциялардын тутумчаларынын,транспорт тармагынын иштөө принциптери менен тереңирээк таанышууну да каалайт элем.

Эмне үчүн дал ушул компанияда иштөөнү жана өнүгүп-өсүүнү каалайсыз?

MegaComдо башка ири компаниялардагыдай эле механизмдери такшалган, процесстери жолго  коюлган, бардык кызматкерлердин баарына бирдей, так талап коюлат. Күн сайын ар бир кесиптешимдин өзүнүн алдына коюлган милдетин берилүү менен, ыкчам аткарып жатканына күбө болом. Алар муну жөн гана жумуштагы маселени чечип коюу максатында эмес, сапаттуу, натыйжалуу ишке ашырууну адат кылып алышкан. Алардын ишине жасаган мындай мамилесин көргөндө, аябагандай чоң жоопкерчиликти сезем, шыктануу пайда болот жана да иш билги сапаттарымды арттыргым келет.

Эмгек өргүүсүндө жүргөндө жумушуңузга байланыштуу эмнелер эсиңизге түшөт?

Эмгек эргүүсүндө жүргөн маалда мен өзүмдү боштукта жүргөндөй, маалымат жетишпей жаткандай сезем. Кесиптештерим менен бирге жумушка байланыштуу маселелерди чечүүнү самай баштайм. Мындай сезим,  ушул  жылдардын аралыгында, жамаатыбыздын ынтымактуу бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүндөй болуп калгандыгына байланыштуу болуш керек.                

Жумушка жаңы кирип жаткан кесиптештериңизге эмне айтмакчысыз?

Кыйынчылыктардан качпай, жаңы көндүмдөргө ээ болуу. Кесибине байланыштуу бай тажрыйба топтоо,турмуштук сабак алуу. Башкысы – кардарларыбыздын мүдөөлөрүн жана каалоолорун түшүнүп, аларды канагаттандыруу үчүн ар бир кызматкер  MegaCom абоненти катары ой жүгүртүүсү керек.     

Юлия, компанияны мүнөздөгөн 3 сөздү айтсаңыз

Туруктуулук, чынчылдык жана жаркын келечек.

MegaCom Сиз үчүн?

Олуттуу ишкана (иш менен камсыз кылуучу) катары менин турмуштук пландарымды ишке ашырууга шарт түзүп берди. Мен үчүн эң жакын компания. Бул жерде иштөөгө мүмкүнчүлүк берилгендиги үчүн ыраазымын.                           

10 жылдыгына карата MegaComго каалооңуз

Компанияма өсүп-өнүгүүнү, ийгиликтерди, телекоммуникациялар тармагынын  өзгөрүп турган шартына ылайыкталып, турмуш талабынан артта калбай өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө  ээ болууну каалайм. Ар дайым алдыңкы сапта турсун жана мыктылардын катарында болсун!