10 жыл бирге!

MegaCom 10 жылдан бери Кыргызстанда гана эмес, мекенибиздин аймагынан тышкары да сапаттуу мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүүдө. 3 миллиондон ашуун кыргызстандыктар  MegaComду тандашат жана  алардын жакындары менен ар дайым байланышта болуп туруусуна, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдалануусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Компания  өлкөбүздүн калктуу аймагын 2G/3G/4G түйүнү менен каптоо  боюнча да алдыңкы сапта. Каптоо аймагын кеңейтүү жана  байланыш сапатын жакшыртуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Ар бир эле ишкананын ийгилигинин пайдубалын кызматкерлери түптөйт эмеспи. Бул MegaCom компаниясына да тиешелүү. Өз ишине берилген байланышчылар, техникалык персонал, тейлөө  борборлорунун  кызматкерлери жана башка бардык бөлүмдөрдүн адистери дем алыш жана майрам күндөрү  да 24/7 режиминде эмгектенген учурлары болот. Мындай аракет өз жемишин берип, абоненттер күн-түн дебей сапаттуу тейлөө жана байланыш кызматтары менен камсыздалган.

“Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” иш билги, таланттуу инсандар эмгектенген компанияда  күн сайын 1000ден  ашык кызматкер  иштешет. Уюлдук оператордун ийгиликтеринин артында кесипкөй адистердин түйшүктүү эмгеги турат.

«10 жыл бирге!» долбоору,  компания уюшулган күндөн тарта эмгектенип, компаниянын өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерге арналган.

 

Интервью: