Перейти на новый сайт
MegaCom менен ар дайым байланышта!


MegaCom менен ар дайым байланышта!     

Компания, республиканын түштүгүндөгү окуялардын кесепетинен иштен чыгып калган 17 станциянын ичинен акыркы базалык станциянын иши калыбына келтирилгендигин билдирет.

Ош шаарынын Кыргызстан көчөсүндө жайгашкан базалык станция түштүктөгү окуялардын учурунда олуттуу зыянга кабылган. Абалдын туруксуздугуна карабастан компаниянын техникалык адистери оңдоо-калыбына келтирүү иштерин ийгиликтүү аякташкан жана июль айынын башталышынан тартып станция штаттык ыргакта иштей баштаган.

MegaCom Кыргызстан уюлдук операторлорунун ичинен базалык станциялардын саны боюнча алдынкы орунда турат. Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн окуялар компаниянын техникалык артыкчылыгын да тастыктаган – айрым станциялардын бузууларга дуушар болгондугуна көз карандысыз абоненттер сапаттуу үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз болгон.

Учурда түштүк региондордо бардык 380 станция иш алып барууда. Жакынкы келечекте дагы 12 жаңы базалык станцияны орнотуу пландаштырылууда, бул түйүндүк камтуу аймагын кеңейтмекчи. Учурда компания республикасынын 90 пайыз аймагын камтууга алган.

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы