Перейти на новый сайт
Курман болгондорго – түбөлүк даңк


Курман болгондорго – түбөлүк даңк

MegaCom компаниясынын эмгек жамааты «Ал-Тоо» аянтында 7-8-апрель күндөрү курман болгондорду эскерди.

1-май күнү MegaCom компаниясынын эмгек жамааты апрель айындагы окуяларды курман болгондорду эскерүү үчүн «Ала-Тоо» аянтына жыйналды. Компаниянын башкы директору Андрей Силич башында турган MegaCom компаниясынын эмгек жамааты Өкмөт үйүнүн алдында тургузулган мемориалга гүлдесте коюшту. Андан соң молдо курман болгондордун арбагына Куран окуду. Куран окуу учурунда ошол аянтта жүргөн адамдар компаниянын кызматкерлерине кошулду.

MegaCom компаниясынын кызматкерлери каргашалуу окуя учурунда курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтышты. Компаниякурман болгондордун аянтка келген туугандарына материалдык көмөк көрсөттү. Каргашалуу окуялар учурунда багуучуларын жоготкон ар бир үй-бүлөгө жардам көрсөтүлмөкчү.

- Ошол окуялар учурунда эң жакын адамдарын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз - деп баштады жыйналгандардын алдында өз сөзүн MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич. – Биздин мекендештер курман болушту. Бул орду толгус жоготуу элибиздин жакшылыкта, байгерчиликте өмүр сүрүшү үчүн Кыргызстан эли төлөп берген баа болду. Биз эр-азаматтардын эрдиктерин түбөлүккө сактайбыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • Киоск

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы