Перейти на новый сайт
Сактыкта кордук жок: MEGA киберкоопсуздук жөнүндө

Азыркы убакта телефонсуз жашообузду элестетүү мүмкүн эмес. Смартфондор байланышты гана камсыздоочу шайман болбостон, жашообузду  ыңгайлуу жана динамикалуу кылган жардамчыбыз да болуп калды. Бирок ыңгайлуулуктар менен бирге тобокелдиктер да көбөйдү. Санариптик технологиялардын өнүгүүсү менен бирге, уюлдук байланыш оператор абоненттери, коммерциялык банктардын кардарлары жана маркетплейс колдонуучулары шылуундардын алдамчылык аракеттеринен жапа чегип келет.

Шылуундуктун эң көп кездешкен түрүнө смартфон колдонуучулардын абоненттик номерлеринин өздүк эсебинен, ошондой эле “байланган” банктык карталардан акча каражаттарын уурдоо кирет. Шылуундар тарабынан  ар кандай ыкмалар колдонулат: коомдук инженерия, зыяндуу мобилдик ПК (прогмаммалык камсыздоо) жана башкалар. Уюлдук операторлор мындай шылуундуктун алдын алууга байланыштуу  чараларды көрүп келүүдө, ошого карабастан  абоненттер дагы жеке маалыматтарына сак болуусу керек.

MEGA компаниясы фишинг жана  алдамчылыктын башка түрлөрүнүн кеңири жайылып жаткандыгын эскертип,  абоненттерди телефон, мобилдик капчык же банктык карталарынын балансына сак болуусуна чакырат. MegaPay эч качан шилтемелер аркылуу төлөм аткарууга ваучерлерди колдонбой тургандыгын эске алыңыз! Колдонуучуларга шектүү шилтемелерге өтпөөгө, спам-билдирүүлөрдө белгиленген компаниялардын расмий сайттарында маалымат болбосо, суроо-жооп оюндарына/лотереяларга катышпоону сунуштайбыз.

MEGA эскертет! Алдамчылык аракеттердин негизинде акча каражаттарыңызды жоготуп алуунун алдын алуу үчүн, төмөндөгү иш-аракеттерди аткарбаңыз:

  • Шектүү жана белгисиз шилтемелерге өтпөңүз;
  • Үчүнчү жактарга купуя маалыматтарды бербеңиз:
  • SMS`теги маалыматты, катталуу жана тастыктоо кодун, банктык картанын арткы бетиндеги СVV сандарды эч кимге көрсөтпөңүз;
  • Мобилдик тиркемелерди расмий маркеттерден гана көчүрүңүз   (App Store, Google Play ж.б.);
  • Антивирустун акыркы версиясын колдонуңуз;
  • Телефонуңузга ар кандай тиркемелерди орнотуп жаткан учурда, суралып жаткан жеткилер тизмегине көңүл буруңуз.

Эгерде шылуундардын аракетинен жабыр тартсаңыз, MEGA`нын Байланыш-борборуна *500 номери аркылуу кайрылууга болот. Компания тарабынан абоненттер үчүн тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу чараларын көрүүгө жардам берет.

 

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы