Перейти на новый сайт
MEGA маалымдайт

MEGA маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы №640-р буйругуна ылайык, электрондук соода аятнттарын сынамык долбоордон өткөрүү максатында уставдык капиталынын 50 жана андан көп пайыздык бөлүгү мамлекетке тиешелүү болгон мамлекеттик ишканалар жана чарбалык объектилерге сатып алууларды жүргүзүү үчүн 2023-жылдын 1-февралынан тартып zakupki.kg аянтчасына катталуу бардык каалоочулар үчүн ачык болот.

«Альфа Телеком» ЖАК (соода маркасы MEGA) бул долбоордун катышуучусу, компания анын алкагында 15 пайыздан аз эмес пландуу сатып алууларды zakupki.kg порталы аркылуу ишке ашырат. Сатып алуулар сессиясын өткөрүү 2023-жылдын 13-февралынан башталат. Буга байланыштуу сатып алууларга ыкчам жетки алуу үчүн системадан алдын ала каттоодон өтүү сунушталат.

Zakupki.kg аянтчасынын оператору – «ЭК-Система» ЖЧКсы. Порталда чектөөсүз катышуулар жана жөнөкөй сатып алуулар сынагын өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Портал ачык деп саналат жана анда жүргүзүлгөн сатып алуулар тууралуу маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп жарыяланат. Долбоордун сыноо мөөнөтүнүн ичинде порталдын иши толугу менен акысыз болот.

* Портал менен иштешүү үчүн электрондук санариптик колтамгалар болушу керек.

** Жабдуучулардын иш ордуна болгон минималдуу талаптар менен таанышуу сунушталган, ал сайттын аянтчасына жайгаштырылган. Порталдын иши маалыматтык система сайтында жеткиликтүү болгон Типтүү тартип жана Регламент менен жөнгө салынат.

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы