Перейти на новый сайт
MEGA24 тиркемесин уникалдуу орнотуулардын саны 500 миңден ашты

MEGA24 тиркемесин уникалдуу орнотуулардын саны 500 миңден ашты

2021-жылдын май айына карата Google Play дүкөнүнүн статистикасы боюнча, MEGA24 тиркемесин уникалдуу орнотуулар 500 миңден ашты. Колдонуучулар сервистин функцияларынын кенендиги, ыңгайлуулугу жана маалыматтуулугун канааттануу менен баалашууда. Мындан улам аталган тиркеме Кыргызстандагы мобилдик операторлор арасындагы эң көп жүктөлгөн тиркеме болду.

Жеке кабинет

«Жеке кабинетте» абоненттер өз алдынча төмөнкүлөрдү аткара алышат:

  • учурда колдонуп жаткан тарифти алмаштыруу;
  • кызматтарды башкаруу;
  • өзүнүн балансына көзөмөл кылуу;
  • жакын адамдардын чыгымдарын көзөмөлдөө;
  • бонустарга ээ болуу жана акцияларга катышуу;
  • ошондой эле тиркемеде каалаган маселени чечсе болот: MegaCom’дун адистери абоненттерге 24/7 убакыт бою кеңеш берүүгө даяр – операторлорго чалып, алар менен байланышты күтүп же Тейлөө борборлоруна барып убара болбойсуз.

МегаПортал

Бул бөлүмдүн көп функционалдуулугу төмөнкүлөрдү аткарууга шарт түзөт:

  • аба ырайы тууралуу бат жана таамай маалымат алууга, валюта курстары менен таанышып, атайын конвертердин жардамында акча бирдигин башка актуалдуу курска алмаштыруу;
  • эң актуалдуу журналдарды электрондук форматта окуп, мындан башка да кызыктуу, көңүл ачуучу кызматтардан пайдалануу;
  • «Баары окуу үчүн» блогунда абоненттерге «Санарип Мектеп» бөлүмүнүн санарип контенти жеткиликтүү. Ал «7 күнгө билим» жана «4 аптага билим» тарифтик топтомуна кошулууга билдирүүлөрдү жөнөтүү жана онлайн окуу үчүн.

Акциялар

Түрдүү акцияларга катышыңыз жана бонустарга ээ болуңуз. Азыркы тапта абоненттер «Бактылуу ачкыч» акциясына катышып, ийгилик сынынан өтүп, CAPSTROY KG курулуш компаниясы курган, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Ак-Марал 2» турак жай комплексинен 2 бөлмөлүү батир утуп алса болот. Баш байгеден тышкары акциянын катышуучуларын күн сайын жана апта сайын ойнотулуучу 4000 сомдон 300 000 сомго чейинки акчалай байгелер күтөт. Буга кошумча үй, батир же кеңсени оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө керектелүүчү белектер дагы утушка коюлган.

МегаАрзандатуулар

Эң кызыктуу арзандатуу тиркемелери өнөктөш-компаниялардан. Ал арзандатуулардан пайдалануу үчүн тиркемеден каалаган арзандатуу көлөмүн тандап, купон алып, аны ыңгайлуу учурда автивдештирүү жетиштүү.

MEGA24 – бардык зарыл нерселер бир тикемеде!

Сунушталган кызматтар

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы