Перейти на новый сайт
MegaCom 2019-жылга карата жаңы корпортивдик календарды даярдады

MegaCom  2019-жылга карата жаңы корпортивдик календарды даярдады

Жаңы жылды утурлай, салтка айлангандай эле, MegaCom компаниясы өз корпоративдик календарын даярдады. 2019-жылдын календары оригиналдуулугу менен айырмаланат.

Жасалгасы өзгөчө жана өз ичине акылга сыйбай турган мезгил айкалышын: улуттук салт-санаа, үрп-адаттарыбызды жана бизди курчап турган заманбап технологиялар дүйнөсүн, байыркы баба мурастары жана бүгүнкү күндөгү техникалык өнүгүүнү камтыйт.

Көчмөндүк турмушту башынан кечирип келген байыркы элдин тарых барактарын барактап, өзгөчө  урунттуу учурларынан бир үзүм алып, жана да аны жогорку технология дүйнөсү менен айкалыштыра алды. Малчы өз малын GPRS-трекерлердин жардамы мене кайтарса, чоң эне планшет аркылуу неберелерине жомок айтып жатат же жаңы төрөлгөн бөбөктү боз үйдө видео- бал-багуучу карап жаткандыгын элестетсеңиз. Ушундай кыялдардын бардыгы календарда чагылдырылган.

Бул азырынча фантазия дүйнөсүнөн алынса, жакынкы келечекте ишке аша турган көрүнүштөр эмеспи.

Ушундай календарды түзүү менен, мобилдик оператор улуттук баалуулуктарга өзгөчө аяр мамиле жасай тургандыгын дагы бир ирет баса көрсөттү. Салт-санаабызды эстен чыгарбоо жана тарыхыбызды туу тутуу− ар бир кыргызстандыктын жашоодогу ыйык парзы.

MegaCom –  ишенимдүү мобилдик оператор!

Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Mega USSD»

    кызматы