Перейти на новый сайт

MegaCom терминалдары − балансты комиссиясыз толуктоонун ыңгайлуу жолу

MegaCom терминалдары − балансты комиссиясыз толуктоонун ыңгайлуу жолу

MegaCom компаниясынын төлөм терминалдарынан колдонгондордун саны арбын. Алардын жардамы менен коммуналдык кызматтар, зымдуу интернет, домофондорду тейлөө борборлору, бала бакчалар, соттолбогондук тууралуу маалымкаттар үчүн төлөм жүргүзүп, жолдо жүрүүнүн эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдарды төлөп, жана да  MegaPay мобилдик капчыгын жана MegaCom байланыш кызматтары үчүн мобилдик телефондун балансын комиссиясыз толуктай аласыз! 

Алдыңкы мобилдик байланыш операторунун фирмалык түстөрүнө  боёлгон 200дөн ашык аппараттар Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун эл көп чогулган жайларында орнотулган. Маселен:

  •  Огонбаев жана Сүйүмбаев (Карпинский) көчөлөрүнүн кесилишинде, MegaCom башкы кеңсеси жайгашкан (Бишкек ш.);
  • «Народный» жана Globus дүкөндөр түйүндөрүндө (Бишкек ш., Кант ш., Сокулук а.);
  •  «Ала Арча», Vefa Center, «Беш-Сары», «Аламүдүн Гранд», Asia Mall, Bishkek Park соода-көңүл ачуу борборлорунда, «Чынар» жана «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөндөрүндө,  «Берекет Гранд», «Береке», Beta Stores соода борблорунда (Бишкек ш.);
  • «Неман», «Айболит» (Бишкек ш., Ново-Покровка а.);
  • Западный кичирайонунда «Ак-Ниет» дүкөнү жана  Фуркат кичирайонундагы «Датка» дүкөнү (Ош ш.);
  • «Ата» фабрикасында (Шопоков ш.);
  •  Jannat Resort мейманканасында (Кой-Таш а.);
  •  MegaCom СТБ (Сокулук а.) 
  • «Манас» эл аралык аэропорту.

MegaCom компаниясынын терминалдарынын даректери менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы