Перейти на новый сайт

MegaCom: 4G LTE дагы 25 айылда ишке киргизилди

MegaCom: 4G LTE дагы 25 айылда ишке киргизилди  

Мобилдик интернетти жигердүү колдонгон абоненттерибиздин саны күндөн-күнгө арбып келүүдө. MegaCom компаниясы да, өз кезегинде, өлкө аймагын 4G түйүнү менен каптоо боюнча техникалык жумуштарды байма-бай аткарууда.

Жаңы базалык станциялардын ишке киргизилиши менен 25 айылдын тургундары төртүнчү муун байланышынан колдоно алат:

  • Чүй облусу: Заречное, Красная Речка, Нижнечуйское, Степное;
  • Жалал-Абад облусу: Апыртан жана Жон-Арык;
  • Талас облусу: Ак-Башат, Кара-Сай, Куру-Маймак, Кум-Арык, Баласары, Покровка, Чон-Капка, Кара-Буура, Чоң-Кара-Буура, Кайнар жана  Маймак шаарчасы;
  • Баткен облусу: Жал, Кичи-Айдаркан, Шак-Шак, Эшме, Чимген, Тайлан, Айдаркен шаарчасы жана Исфана ш.

Компания адистери тарабынан 4G стандартындагы базалык станцияларды жаңылангандыгын да белгилей кетүүгө болот. Тактап айтканда, Бишкек, Каракол, Кара-Балта, Кант, Талас жана  Кара-Суу шаарларынын тургундары жана меймандары, жана да Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 30га чамалуу айылында сигналдын деңгээлинин жакшыргандыгы байкалса, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Баткен облустарынын бир катар айылдарында 2G жана 3G базалык станцияларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылды.

Ылдам интернеттен колдоно баштоо үчүн, SIM-картаңыз жана мобилдик түзмөгүңүз 4G LTE түйүнүн колдой тургандыгына ынаныңыз. Бул үчүн телефонуңуздан *460 акысыз буйруусун териңиз. Мурдагы SIM-картаңызды 4G колдоосу менен жаңысына алмаштыруу зарылбы? Анда эмесе, компаниянын Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна  кайрылыңыз. Мобилдик оператордун кесипкөй адистери SIM-картаңызды алмаштырып, жана да ыңгайлуу тарифти же опцияны тандоого жардам беришет.

Түйүндүн  каптоо картасы  менен  MegaCom компаниясынын расмий сайтынан таанышсаңыз болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы