Перейти на новый сайт

MegaCom: Каракол тоо лыжа базасы эс алуучуларды кабыл алууга даяр!

MegaCom: Каракол тоо лыжа базасы эс алуучуларды кабыл алууга даяр!

Салтка айланып калгандай , 25-26-ноябрда,  алдыңкы мобилдик оператордун  колдоосу менен «Каракол» тоо лыжа базасынын ачылышы болуп өттү. 

Сезондун ачылышы – таза абадан кенен  дем алып, ак карга чулганган табигат койнунда эс алууну сүйүүчүлөр үчүн көптөн күткөн күн. Чогулгандар үчүн кызыктуу программа  даярдалып, кызыктуу таймаштар, түрдүү викториналар өткөрүлүп,

күн нуруна чагылыша көз уялткан теребелде жагымдуу  музыка жаңырып турду. Биринчи күнү алып баруучулар лыжачыларды,сноубордчуларды слалом-гигант боюнча мелдештерге катышууга чакырып, каалоочуларды каттап жатышты. Эстафеталарга, викториналарга жана  жарыштарга чоңдордон кичинелерге, тажрыйбалуулардан тарта жаңыдан өздөштүрүп жаткандарга чейин жигердүү катышышты.

Мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчү аталып, MegaСom тарабынан даярдалган баалуу байгелерге ээ болгондор:

 

Лыжа тебүү боюнча (балдар арасында):

1-орун - Шакиров Тимур, 18:07;

2-орун – Гапаров Рамазан, 19:09;

3 -орун – Бородин Артем, 23:15.

 

Лыжа тебүү боюнча (айымдар  арасында):

1-орун – Тенькова Юлия, 17:35;

2-орун - Бауэрова Яна, 19:26;

3-орун - Хворостьяная Елена, 21:18.

 

Сноуборд боюнча ( айымдар арасында):

1-орун – Харитонова Алина, 21:87;

2-орун – Хворостьяная Яна, 23:56;

3-орун – Сторожук Айгүл, 28:84.

 

Лыжа тебүү боюнча (мырзалар арасында):

1-орун – Панасов Дмитрий, 16:83;

2-орун – Гусев Александр, 16:88;

3-орун – Михневский Валерий, 18:02.

 

Сноуборд боюнча (мырзалар  арасында):

1-орун – Нарвин Андрей, 21:30;

2-орун – Репин Алексей, 21:93;

3-орун – Патлай Сергей, 22:27.

 

Жеңүүчүлөрдүн бири  Андрей өз таасирлери менен төмөндөгүдөй  бөлүшө кетти: «Сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдер! Сноуборд боюнча таймашта байгелүү орунга ээ болом деп күткөн эмесмин. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн  MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирем!». Ал эми Елена болсо: «Эң сонун майрам! Мегаком ишеничтүү демөөрчү катары мыкты белектер менен кошо  жагымдуу сезимдерди да тартуулады. Сезондун ачылышына катышкандыгыбызга абдан кубанычтабыз!», – деп ыраазычылыгын билдирди.

Спорттук  мелдештерге катышкандардын катарында кыргызстандыктар эле эмес, Казакстандан, Өзбекстандан, Россиядан жана башка өлкөлөрдөн келген лыжачылар жана сноубордчулар да бар.  

«Каракол шаарындагы  тоо лыжа сезонунун ачылышына күбө болгон экстремалдык спортту сүйүүчүлөр MegaCom 4G LTE заманбап  технологиясынын артыкчылыктарына баа бере алышты. MegaCom  компаниясы түйүндү техникалык жактан өнүктүрүүгө басым жасоо менен, абоненттерин жогорку сапаттагы мобилдик байланыш жана төртүнчү муундагы ылдам интернет менен камсыздап келет», - деп белгилей кетти  уюлдук оператордун коммерциялык директору Нурбек Ишекеев.

Иш-чара тууралуу фото-баянды Facebook  социалдык түйүнүндөгү MegaCom компаниясынын расмий баракчасынан көрө аласыз.

 

MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon