Перейти на новый сайт
MegaCom: Ажылык сапар маалында байланышта болуңуз!

MegaCom: Ажылык сапар маалында байланышта болуңуз!

 

Алдыңкы мобилдик оператор зыяратчылардын ажылык  сапарынын ыңгайлуу болушуна кам көрүү менен, атайын акция тууралуу маалымдайт. 2017 - жылдын  6-августунан  6-сентябрына чейин ыйык жерлерге жол тарткан Megacom абоненттери үчүн Сауд  Аравиясынын аймагында   роуминг кызматтарына арзандатылган тарифтер каралган.

Меккедеги аль-Харам мечитине, Мединадагы  Пайгамбар мечитине, Мина өрөөнүнө жана башка ыйык жерлерге сыйынууга барган зыяратчылар  чалуу кабыл алып, чалуу аткарып жана SMS жөнөтө алышат.  Маселен, Сауд Аравиясынан Кыргызстанга чалуунун баасы, болжол менен алганда, 6 эсеге  төмөндөтүлгөн. Демек, ажылык сапарда жүргөн   мекендештерибиз жакындарынан кам санабастан, алар менен байланышып турса болот. Акция алкагында каралган баалар:

  • Кыргызстандан кирген чалуу – мүнөтүнө 9 сом
  • Сауд Аравиясынан Кыргызстанга  чыккан чалуу – мүнөтүнө 20 сом
  •  Жергиликтүү  түйүндөр ичиндеги чалуулар –  мүнөтүнө 9 сом
  •  Сауд Аравиясынан  жөнөтүлгөн  SMS-билдирүү - 5 сом.

 

Ыңгайлуу жана үнөмдүү кызматты кошуп алуу үчүн компаниянын Сатуу жана тейлөө борборунан алдын ала төлөнүүчү же кийин төлөнүүчү роуминг кызматын кошуп алыңыз. 

Алдын ала төлөнүүчү же кийин төлөнүүчү роуминг кызматын кошуу тууралуу толук маалымат MegaCom сайтында.

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы