Перейти на новый сайт
MegaCom түйүндү техникалык жактан өнүктүрүүгө  өзгөчө көңүл буруп келет

MegaCom түйүндү техникалык жактан өнүктүрүүгө  өзгөчө көңүл буруп келет.

 

MegaCom компаниясы Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча мобилдик байланыштын сапатын жакшыртууга басым жасап, өзгөчө алыскы калктуу конуштарды көз жаздымга калтырбай келет.

Маселен, 2017-жылдын  июнь айында үчүнчү муун технологиясы Баткен облусунун Таш-Тумшук (Ак-Сай айыл аймагы) айылында киргизилди. Мындан тышкары, Чүй облусунун  Бишкек, Кара-Балта шаарларында, Беловодск айылында 3,75G  менен  каптоонун сапаты жакшыртылды.

Уюлдук оператор буга чейин орнотулган базалык станциялардын ишин жакшыртып турууну да эстен чыгарбайт. Мындай аракеттердин натыйжасында Бишкек жана Каракол шаарларында, Беловодск жана Чүй айылдарында 4G сигналы мурдагыдан мыкты болуп калды.

Түйүндү кеңейтүүнүн, техникалык өнүктүрүүнүн жана оптимизациялоонун үстүндө байма-бай иш алып баруу-бул байланыш сигналдарынынсапатын жакшыртуунун, абоненттерди ар дайым жогорку сапаттагы байланыш, ылдам интернет  менен камсыздап туруунун өбөлгөсү.

Түйүндүн каптоо аймагынын картасы аркылуу  онлайн режимде таанышуу менен,  2G, 3G жана  ыкчам 4G каптоосу боюнча маалымат алууга, жана да жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлине көз салып турууга болот.

 

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «4 тил»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon