Перейти на новый сайт

MegaCom: 4G LTE Кыргызстандын бардык облустарында!

MegaCom: 4G LTE Кыргызстандын бардык облустарында!

 

Жогорку ылдамдыктагы 4G-Интернет жергебиздин бардык аймактарында жеткиликтүү боло баштады. Эми, республикабыздын кайсы жеринде болсоңуз да, файлдарды саналуу секундалардын ичинде жүктөп алсаңыз болот. 

MegaCom  аракеттеги базалык станцияларын жаңылап жана жаңы жабдууларды орнотуу менен 4G LTE түйүнүн өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келүүдө.  Айтмакчы, мындай алгылыктуу аракеттер өз жемишин берип,  жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болгон үч облустун шаарларынын жана айылдарынын саны 20 га жетти:

Баткен облусу: Баткен ш., Центральное (Жаштык) а., Кадамжай шаарчасы, Пүлгөн а., Таш-Кыя а., Чал-Таш а., Арка айылы

Ош облусу: Бий-Мырза а., Ак-Колот а., Жаңы-Турмуш а., Жар-Ооз а., Садырбай а., Куршаб а.(Куршаб айыл аймагы), Старая Покровка а., Кайрагач-Арык а., Лангар а., Боз-Караган а., Гүлчө а., Жар-Кыштак

Ысык-Көл облусу: Кажы-Сай а.

MegaCom компаниясынын техникалык  бөлүмүнүн адистеринин үзүрлүү ишинин  натыйжасында, ири шаарлардагы  гана эмес мекенибиздин алыскы аймактарындагы  абоненттерибиз да төртүнчү муун технологиясы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

MegaCom 4G LTE түйүнүн кошууда, алгач мобилдик телефонуңуздун жана  SIM-картаңыздын  LTE форматын колдой тургандыгын текшерип алыңыз. *460 акысыз буйруусун териңиз. Системадан « SIM-картаны алмаштырыңыз» деген жооп алсаңыз,  жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылсаңыз болот. Компаниянын тейлөө борборунун адистери  эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

 MegaCom: 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы