MegaCom 4G LTE менен Ысык-Көлдөү эстен кеткис күндөрдү өткөрүңүз!
Жайдын ысык күнүндө күн нуруна чагылып алтын чабак туйлаган көлдүн жээгинде эс алууга не жетсин! Бардыгыбыз Ысык-Көлүбүзгө барып, жашообуздун тынымсыз айлампасынан аз да болсо чыгууну көздөйт эмеспизби. Ошол эле убакта , ар дайым жакындарыбыз менен баарлашып, акыркы жаңылыктардан да кабардар болуп турабыз. Эң башкысы, эс алуудан алган таасирлерибиз жан-дүйнөбүзгө сыйбай, алар менен ошол замат бөлүшкүң келет. Дүйнө жүзүн алаканыңа салган интернет желеси ар дайым сени менен. Ысык-Көлдө да жеткиликтүү болгон MegaCom 4G түйүнү миңдеген эс алуучуларга үзгүлтүксүз сапаттуу уюлдук байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти тартуулайт. Ишенимдүү уюлдук оператордун төртүнчү муун түйүнү менен Кыргызстандын берметин тегерете жайгашкан эс алуу жайларын, ден соолукту чыңдоочу борборлору да камтылган.
Кооз сүрөттөрүңүздү жайгаштырып, көңүл эргиткен обондорду, сүйүктүү тасмаларыңызды, сериалдарыңызды жана башкаларды HD сапатта жүктөп алсаңыз да болот.
MegaCom жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын колдоно баштоодон мурда, түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз бул форматты колдой тургандыгын текшерип алыңыз. *460 акысыз буйруусун терсеңиз, системадан « SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келет. MegaCom компаниясынын көл кылаасында жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун же Фирмалык салондорунун бирине кайрылыңыз. Ал жерден эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.
4g.megacom.kg сайты аркылуу кошумча маалымат алып, интерактивдүү карта менен таанышып, кызыктырган суроолоруңузга жооп таба аласыз.
MegaCom 4G LTE түйүнү– чыныгы ылдамдыкты сез!