MegaCom компаниясынан жайкы акция старт алды!
Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун 20дан ашуун калктуу конуштарында MegaComдон «Элдик Оюн» кызыктуу иш-чаралары жүрүп жатат.
Акциянын катышуучуларын көңүлдүү конкурстар, ыр-бийлер жана алып баруучулардын майрамдык маанайдагы тамашалары күтөт. Мобилдик оператор тарабынан супер-белектер – жаңы Huawei смартфондору, «Алтын» жана «Күмүш» категорияларындагы номурлар даярдалган. Мындан тышкары, «Элдик Оюндун» эң активдүү катышуучуларына MegaCom компаниясынан фирмалык белектер – кол чатырлар, футболкалар, кепкалар, сааттар тапшырылат. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын көңүлүн көтөрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбастан, алдыңкы мобилдик оператордон белектерди утуп алыңыз! “Элдик оюн” 22-июлга чейин уланмакчы.
Алдыңкы мобилдик оператор түрдүү акцияларды жана конкурстарды байма-бай өткөрүп, mega-абоненттерине кубаныч тартуулап келет. Уюлдук оператордун жаңылыктары, акциялары жана бонустары тууралуу маалымат менен Facebook, Instagram, Twitter жана Odnoklassniki социалдык тармактарындагы баракчаларыбыз жана megacom.kg сайты аркылуу таанышсаңыз болот.
Мега-окуялардын борборунда болуңуз!