Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын адиси кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланды

MegaCom компаниясынын адиси кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланды

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы MegaCom компаниясынын котормочусу Сүйүн Молдогазиевага Кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Ардак грамотасын тапшырды.

Сүйүн Молдогазиева компаниянын дарегине келип түшкөн  каттарды, ички иш кагаздарын, жарнамалык тексттерин жана MegaCom компаниясынын ишмердиги жөнүндөгү макалаларды,жаңылыктарды  мамлекеттик тилге которот. Компаниянын кызматкерлери үчүн кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тренингдерди өткөрүп келген, келечекте мындай тренингдерди жандандырууну көздөп келет.  Сүйүн Молдогазиева негизги жумушунан тышкары кесиптик орто билим берүү окуу жайлардын мамлекеттик стандарттарын которгон. Бир нече жылдардан бери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен тыгыз кызматташып келет. Бош убактысын жаңы ырларды жаратуу жана адабий чыгармаларды  которуу менен да алектенет. Компаниянын жамааты кесиптештеринен өз жардамын аябаган мыкты адамкерчилик сапаты жана  жоопкерчиликтүүлүгү үчүн өзгөчө урматташат.

Компаниянын котормочулары тарабынан терминдерди унификациялоо, орусча-кыргызча телекоммуникация терминдеринин сөздүгүн иштеп чыгуу жумуштары колго алынган.

Кошумчалай кетсек, MegaCom компаниясы туруктуу негизде улуттук баалуулуктардын, тилдин жана маданияттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп келет. Константин Юдахиндин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүктөрүнүн кайрадан басылып чыгышы акыркы маанилүү долбоорлордун бири. Бул долбоордун демөөрчүсү MegaCom компаниясы болду. Мобилдик оператор абоненттерине «Engster тил үйрөтүү курстары» сервисинин жардамы менен кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүү же билимин жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Мамлекеттик тилди колдоо боюнча долбоорлор тууралуу толугураак маалыматты мобилдик оператордун сайтынан биле аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы