Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы жаңы Сатуу жана тейлөө борборунуна чакырат

MegaCom компаниясы жаңы Сатуу жана тейлөө борборунуна чакырат

Өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору шаарыбыздын борборунда заманбап Сатуу жана тейлөө борбору ачылгандыгы тууралуу билдирет. Жаңы тейлөө борбору жакында ачылган «Чынар» соода жана көңүл ачуучу комплексинде жайгашкан, дареги Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши.

Заманбап Сатуу жана тейлөө борбордун көп сандагы дүкөндөр, соода борборлор, кафе жана административдик кеңселер арасынан орун алуусу кардарлар үчүн ыңгайлуулук түзмөкчү. Жогорку квалификациядагы кызматкерлер абоненттерге өздөрүнүн сылык мамилеси менен кесипкөйлүк жардамын көрсөтүп, мобилдик байланыш жана тарифтик пландар тууралуу кеп-кеңештерин берет. Чуй проспектиси 92 дарегиндеги Сатуу жана тейлөө борборунун иштөө убактысы 10:00дөн 22:00гө чейин.

Сатуу жана тейлөө борборунун ачылышына карата май айынын 7нен 17не чейин атайын акция өтүп жатат. Компаниянын Сатуу жана тейлөө борборунан балансты 50 сомго же андан ашык суммага толуктап, белекке мүнөттөр жана смс билдирүлөр түрүндөгү бонуска ээ болуңуз. Ошондой эле бул күндөрү «Алтын» жана «күмүш» категориясындагы номурларга 50% арзандатуулар каралган.

MegaCom компаниясынын ыңгайлуу жана заманбап тейлөө борборлору Кыргызстандын бардык аймагында: ири шаарларда жана алыска аймактарда абоненттерди тейлеп келет. Күнүнө 15 миңден ашуун кардарларды тейлеген Сатуу жана тейлөө борборлорунун же Фирмалык салондорунун бирине кайрылган абоненттер адистердин кесипкөйлүк жардамын, компаниянын кызматтары тууралуу маалыматты алып, өзүнүн ой-пикирин же каалоосун калтыра алат.

 

MegaCom – жогорку сапаттагы тейлөө жана абоненттерге кам көрүү.

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы