Перейти на новый сайт

MegaCom: «Бактылуу SMSтер» викторинасынын жеңүүчүлөрүнүн саны арбыйт!

MegaCom: «Бактылуу SMSтер» викторинасынын жеңүүчүлөрүнүн саны арбыйт!

2017-жылдын 14-майынан  тарта викторинанын эрежелерине  киргизилген  өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Алар, өз кезегинде, жеңишке жетишүүнүн жаңы  мүмкүнчүлүктөрүн шарттайт. Эми, викторинаны өткөрүү учурунда, викторинанын бир эле катышуучусу 15 000 сом өлчөмүндөгү бир күндүн утушу үчүн  – экиден ашпаган жолу, айлык утуш үчүн ( iPhone 6S ) – бирден ашпаган жолу күч сынай алса, супер-байгени утуп алган оюнчу мега-байге үчүн ат салыша албайт.

Эскерте кетсек, викторинага катышуу үчүн  2016 номуруна каалагандай  SMS жөнөтүп же *2016# буйруусун терүү жетиштүү.  «Бактылуу SMSтер» топтомун кошуп алып викторинага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз.  12 сом өлчөмүндөгү абоненттик төлөм үчүн ( КНСти жана ССти эсепке алуу менен), түйүн ичинде 20 SMS берилет. Номуруңузга кезек-кезеги менен (жооптордун варианттары камтылган)суроолор келе баштайт. Туура жоопту максималдуу ылдамдыкта  жөнөтүү жетиштүү, ар бир туура жоопко 10 упайдан эсептелет. Минималдуу убакыттын ичинде эң көп упай топтогонго жетишкен катышуучу жеңүүчү болуп саналат.

Илим, тарых, маданият жана искусство жаатында өз билимиңизди сынап көрүп, 3 000 000 сомго чейинки утуштун ээси болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Викторина жана ага катышуунун эрежелери тууралуу толук маалымат менен  luckysms.megacom.kg. сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • Киоск

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы