«Бактылуу SMSтер»

Кызыктуу суроолорго жооп берип, өзүңүздүн эрудицияңызды  сынап көрүңүз  жана күн сайын белектерди утуп алыңыз!
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Бактылуу SMSтер» кызматы - бул Викторинага катышууга мүмкүнчүлүк түзгөн, түйүн ичиндеги 20 SMSтен турган топтом. Викторинага катышып кызыктуу суроолорго жооп берип, өзүңүздүн эрудицияңызды  сынап көрүңүз  жана күн сайын белектерди утуп алыңыз! Бул Викторина лотерея же кумар  оюну болуп эсептелбейт.

 

Топтомду кантип кошууга болот:

*2016# буйруусун териңиз же 2016 номуруна  каалагандай SMS билдирүү жөнөтүңүз жана Викторинага катышыңыз.

 

Кантип катышууга болот:

Кызматты/Топтомду кошуудан кийин, кызматка кошулгандыгыңыз тууралуу маалыматты жана Викторинанын биринчи суроосун (жообунун варианттары  менен) камтыган SMS билдирүү аласыз. Активдештирилген  бир «Бактылуу SMSтер» топтомуна 10 суроо берилет, ар бир туура жоопко абонент 10 балл алат, туура эмес жооп үчүн баллдар эсептелбейт. Билдирүүлөр 2016 номурунан келет.

Эң аз убакыттын ичинде  максималдуу сандагы баллдарды топтогон катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат (викторинанын биринчи суроосу менен акыркы суроосунун ортосундагы  сарпталган убакыт эсептелинет).

Күн сайын ойнотулуучу утуш 15 000 сом

Ай сайын - iPhone 6S

Жарым жылда бир жолу - Супер-байге 1 000 000 сом

Жылына бир жолу - Мега-белек 3 000 000 сом

 

Толугураак маалымат:

Кызмат тууралуу толугураак маалымат, Викторинага катышуунун эрежелери жана жеңүүчүлөрдүн тизмеси менен www.luckysms.megacom.kg сайтынан таанышууга болот.

Маалымат алуу 2016 номуру боюнча.

«Бактылуу SMSтер» топтомун кошуу (20 SMSтен турган топтом)

12.0
сом/күн.

2016 номурунан Кирген/Чыккан SMS

0.0
сом.

«Бактылуу SMSтер» кошумча -топтомун кошуу (учурдагы күнгө буга чейин кошулган топтомдор бар болсо)

12.0
сом.

Викторинадагы топтолгон баллдарды текшерүү  жана өзүңүздүн рейтингиңизди тактоо

0.0
сом.

«Бактылуу SMSтер» топтомун өчүрүү (бул буйруу бардык активдүү «Бактылуу SMSтер» топтомдордун өчүрүлүшүнө)

0.0
сом.

  • USSD-буйруу

    «Бактылуу SMSтер» топтомун кошуу (20 SMSтен турган топтом)

    *2016#

    «Бактылуу SMSтер» кошумча -топтомун кошуу (учурдагы күнгө буга чейин кошулган топтомдор бар болсо)

    *2016#

    Викторинадагы топтолгон баллдарды текшерүү  жана өзүңүздүн рейтингиңизди тактоо

    *2016*2#

    «Бактылуу SMSтер» топтомун өчүрүү (бул буйруу бардык активдүү «Бактылуу SMSтер» топтомдордун өчүрүлүшүнө)

    *2016*0#
  • SMS-буйруу

    «Бактылуу SMSтер» топтомун кошуу (20 SMSтен турган топтом)

    SMS/СМС, STOP/СТОП, BALL/БАЛЛ текстинен тышкары, каалагандай текст менен 2016 номуруна SMS жөнөт

    «Бактылуу SMSтер» кошумча -топтомун кошуу (учурдагы күнгө буга чейин кошулган топтомдор бар болсо)

    «SMS/СМС» тексти менен 2016 номуруна SMS жөнөт

    Викторинадагы топтолгон баллдарды текшерүү  жана өзүңүздүн рейтингиңизди тактоо

    «BALL/БАЛЛ» тексти менен 2016 номуруна SMS жөнөт

    «Бактылуу SMSтер» топтомун өчүрүү (бул буйруу бардык активдүү «Бактылуу SMSтер» топтомдордун өчүрүлүшүнө)

    «STOP/СТОП» тексти менен 2016 номуруна SMS жөнөт

«Бактылуу SMSтер» топтому корпоративдик абоненттерден тышкары, MegaCom түйүнүнүн бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү;

Топтомду кошуу чеги - 13 сом;

MegaCom абоненттери үчүн  www.luckysms.megacom.kg  сайты боюнча интернет-трафик тарифтик план же кошулган опция/кызмат боюнча тарифтелинет;

Катышуучулардын рейтингин, баллдарды эсептөөнүн тактыгын, жеңүүчүлөрдү аныктоону жана белектердин берилишин викторинанын Уюштуруучусу «СТ ГРУПП» ЖЧК ишке ашырат;

Абонент-жазылуучу роумингде болгондо:

  1. Абоненттик төлөм эсептелинет.
  2. Абонент сервис боюнча USSD/SMS сурамдарды демилгелей  албайт.
  3. Сайтка кирүүнүн тарифтөөсү эл аралык оператордун роумингдеги абоненттер үчүн белгиленген  тарифи боюнча ишке ашырылат.

«Тыным»/«SMS жана IVR кыска номурларына тыюу салуу» кызматы аракетте болгон(кошулган) учурда,  «Бактылуу SMSтер» топтомун кошуу мүмкүн эмес.

«Тыным»/«SMS жана IVR кыска номурларына тыюу салуу» кызматын кошкондо же «Бактылуу SMSтер» топтомун өчүргөндө, буга чейин Викторина боюнча топтолгон бардык баллдар 30 күн аралыгында сакталат, 30 күн өткөндөн кийин баллдар жокко чыгарылат жана кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбойт.

Абоненттин эсебинде акча каражат жок болгон учурда Викторина боюнча суроолор келбейт. Акцияга катышууну улантуу үчүн топтомду кошуу чегиндеги суммага балансты толуктоо керек.

Маалымдоо сервистин катышуучусу тандаган тилге ылайык ишке ашырылат. Сервистин тейлөө тили баштапкы абалда: орус тили.

Сервис  2 тилде көрсөтүлөт: орус жана кыргыз.

Номурду алмаштырууда сервис (баллдар, рейтинг) өчүрүлбөйт.

«Бактылуу SMSтер» топтомун бир убакытта кошууда топтомдун көлөмү кошулуп, аракет мөөнөтү учурдагы күндүн  23:59:59га чейин өзгөрүлбөйт. Кийинки күнү топтомдордун сарпталбаган көлөмү жокко чыгарылат жана абонентке абоненттик төлөм үчүн түйүн ичиндеги 20 SMS өлчөмүндөгү  топтомдун жаңы көлөмү  берилет.

«Бактылуу SMSтер» сервисинин алкагында 2016 кыска IVR номуру аракетте, MegaCom түйүнүндөгү абоненттер үчүн чалуу акысыз.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «MegaCom’дон OnlineTV»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы