Перейти на новый сайт

MegaCom Ош шаарында болуучу веложүрүшкө чакырат!

MegaCom Ош шаарында болуучу веложүрүшкө чакырат!

MegaCom компаниясы, 15- апрелде, Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен веложүрүш өткөрмөкчү. Веложүрүш Ош шаарында 2-жолу өткөрүлөт. Өткөн жылкы веложүрүшкө  500дөн ашуун адам катышып, эң масштабдуу спорттук иш-чаралардын бири катары эсибизде калды.

Каалоочулар борбордук аянтка  саат 10:00дө чогулушат. Катышуучулар үчүн MegaCom компаниясы атайын фирмалык футболкаларды  даярдаган. Ош шаарынын тургундары жана меймандары калаанын борбордук көчөлөрү аркылуу өтүшөт.  Веложүрүштүн соңунда атайын көңүл ачуучу программа, интерактивдүү конкурстар уюштурулуп, жигердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөндөрдү уюлдук оператордун фирмалык белектери жана ланч күтөт. Айтмакчы, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бура турган экстремалдык номурлар жана бий топторунун ажайып бийлери да  даярдалган.

Веложүрушкө спорттун бул түрүн өзгөчө баалай тургандардын бардыгы катыша алышат. Болгону, бузугу жок велосипединин болушу жана жолдо жүрүү  эрежелерин мыкты билүүсү  шарт. Велосипеддерди убактылуу пайдаланууга алууну каалагандар  0551 21 21 47, 0550 05 05 36, 0551 05 01 19, 0559 68 64 63 номурларына кайрылышса болот.

Facebook сайты аркылуу кызыктуу маалыматтардын борборунда бол.

MegaCom –  спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы