Перейти на новый сайт
MegaCom «Телефон кайда?» кызматын ишке киргизүүдө

MegaCom «Телефон кайда?» кызматын ишке киргизүүдө 

Мобилдик телефонсуз өз жашооңузду элестете аласызбы? - деген суроого ар бирибиз “жок” деп жооп бере тургандыгыбыз бышык. Зарыл маалыматты табуу, керектүү адамдар менен байланышуу, акыркы жаңылыктардын борборунда болуу – бул заманбап телефондун мүмкүнчүлүктөрүнүн  чети гана. Ал эми мобилдик телефонуңузду бир жерге унутуп калган болсоңузчу.Мындай учурлар жашообузда көп эле болот эмеспи. MegaCom «Телефон кайда?» уникалдуу сервисин ишке киргизүүдө жана анын жардамы менен унутулуп калган телефонуңузду оңой эле таба аласыз.

Бул үчүн  Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу  жетиштүү. Биздин адистердин жардамы менен Сиз тез аранын ичинде арызыңызды толтуруп жана мобилдик түзмөгүңүздүн кайсы жерде экендиги тууралуу маалымат алсаңыз болот. Жаныңызда инсандыкты ырастоочу документиңиздин болушу шарт. Бир ийгиликтүү аткарылган сурамдын наркы 50 сомду түзөт.

Мобилдик түзмөктүн координаттары тууралуу маалымат  мобилдик түзмөк активдүү режимде болгон учурда  жана  өчүрүлгөн убактысы  24 сааттан ашпаса  гана берилет.    

Мобилдик түзмөк өчүрүлгөн маалдан  тарта 24 сааттан ашык убакыт өткөн болсо, сурам ийгиликтүү аткарылган жок деп эсептелинет, телефондун кайсы жерде экендиги тууралуу маалыматты  берүүгө мүмкүн болбойт жана төлөм алынбайт.

 Эгерде абоненттин номурунда тыным кызматы кошулган болсо, анда түзмөктүн кайсы жерде экендигин аныктоого мүмкүн эмес.

Сервис MegaCom түйүнүндө гана көрсөтүлөт жана бардык тарифтик пландарда жеткиликтүү. Кызмат боюнча кошумча маалыматты  компаниянын  сайтынан  алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon