MegaCom компаниясы 2016-2017 тоо лыжа сезонунун ачылышына Караколго чакырат!
MegaCom компаниясы баардык каалоочуларды 26-27-ноябрда Каракол тоо лыжа базасында өтө турган жаңы тоо лыжа сезонунун расмий ачылышына чакырат. Мобилдик оператор бул спорттук-ден соолукту чыңдоочу иш-чаранын башкы демөөрчүсү.
26-ноябрда (ишемби күнү) «Каракол» тоо лыжа курортунда 9.00дөн баштап бардык трассаларда көтөргүчтөр иштей баштайт. 10.00дө слалом-гигант боюнча мелдешүүлөргө каттоо башталат, сноуборд жана лыжа дисциплиналарында төрт комплект сыйлык ойнотулмакчы. Чоңдор жана балдар, профессионалдар жана кышкы спорттун сүйүүчүлөрү мелдештерге катышып өз күчтөрүн сынап, ар түрлүү мыкты белектерди: шлемдерди, спорттук бут кийим үчүн баштыктарды, лыжа жана сноуборддор үчүн каптамаларды, бафтарды, MegaCom компаниясынан фирмалык көп сандагы белектерин утуп алууга мүмкүнчүлүгү болот!
27-ноябрда (жекшемби күнү) 10.00дө көңүл ачуу программасы башталат, көп сандагы белектер ойнотулчу чоңдор жана балдар үчүн «Кенчти» табуу жана казуу, ар түрдүү оюндар, викториналар жана эстафеталар өткөрүлмөкчү.
Эригүүгө убакыт болбойт – сизди жана сиздин балдарыңызды мыкты маанай тартуулаган кышкы оюндардын түрлөрү күтмөкчү!
Белгилей кетсек, сапаттуу сигнал жана MegaComдон жогорку ылдамдыктагы Интернет тоо лыжа курортунун жана Ысык-Көл облусунун бардык аймагында жеткиликтүү, бул эс алуу маалындагы маанай менен өз учурунда бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү! Иш-чарага социалдык тармактардан кошулуңуз жана жаңылыктар түрмөгүнө көңүл буруңуз. Толугураак маалымат facebook социалдык баракчасында жеткиликтүү.