Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын кызматкери "Ардагерлер кыймылына кошкон салымы жана көрсөткөн көмөгү үчүн" медалы менен сыйланды

MegaCom компаниясынын кызматкери "Ардагерлер кыймылына кошкон салымы жана көрсөткөн көмөгү үчүн" медалы менен сыйланды

MegaCom компаниясынын кызматкери, Мээрим Султаналиева, "Ардагерлер кыймылына кошкон салымы жана көрсөткөн көмөгү үчүн" медалына татыктуу болду.

Быйыл компаниянын уюшулганына 10 жылдын жүзү болду. Ушул убакыттын аралыгында, мобилдик оператор миңдеген ардагерлерге колдоо көрсөтүп келет. Саамайын ак бубак баскан ардагерлерибиздин катарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, оорук эмгекчилери, Ленинград курчоосуна кабылгандар  жана концлагерлердин туткундары да бар.  Кесиптешибиз Мээрим Султаналиева бир нече жылдан бери компаниянын «Ардагерлерге жардам», «Балдар үйлөрүнө колдоо көрсөтүү» жана башка бир катар социалдык долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып келет. Жыл сайын ардагерлер менен жолугушууларды уюштуруп, салтанаттуу иш-чараларды, концерттерди өткөрүп, аларга жыл сайын бир жолу  жөлөк пул тапшыруу, “Полктошуна чалуу” акциясын өткөрүү анын милдети. Эң негизгиси- ар бир ардагерге сый-урмат көрсөтүү, алардын маанайын көтөрүү. Муну эң жакшы түшүнгөн Мээрим өз ишине да абдан аяр мамиле жасап, ардагерлер менен тыгыз карым-катнашта болуунун аракетинде.

 

MegaCom компаниясынын жамааты  Мээрим Султаналиеваны сыйлыгы менен куттуктайт жана кесиптешинин ийгилиги менен сыймыктанат!

Сунушталган кызматтар

  • MEGOGO

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • Астрология

    кызматы