Перейти на новый сайт
MegaCom: Балансыңыз нөл  кезинде  да байланышта болуңуз

MegaCom: Балансыңыз нөл  кезинде  да байланышта болуңуз

 

Шашылыш убакта телефонуңуздагы  балансыңыз нөлгө жетип, зарыл чалууну аткара албай калган учурларыңыз болду беле? Мындай ыңгайсыз абалда Сизге «Экинчи дем» кызматы жардамга келет!

«Жашоомду  мобилдик телефонсуз элестетүүгө мүмкүн эмес», - деп маегин баштады Кайрат Исхаков. - «Күн сайын кесиптештерим, кардарларым жана жакындарым менен телефон аркылуу сүйлөшөм. Жумушума байланыштуу аймактарга көп каттоого туура келет. Баланстагы акча каражатым түгөнүп калып, жакын жерде терминал да,баланс толуктай турган түйүн да жок болуп калган учурлар да көп эле болчу. Азыр болсо, «Экинчи дем» - менин ишенимдүү жардамчым!».

Ишеним төлөмүн бир жолу алыш үчүн,  *400#10#1# буйруусун терүү жетиштүү. Балансыңыз  көз ачып-жумгуча 100 сомго чейинки сумма менен толукталат. Ишеним төлөмдүн суммасы  MegaCom байланыш кызматтарынан канча убакыттан колдонуп келе жаткандыгыңызга байланыштуу. Бул мөөнөт канчалык узак болсо, ишеним төлөмдүн суммасы ошончолук көбүрөөк болот. Кызматтан туруктуу негизде пайдаланууну кааласаңыз *400#10#5# буйруусун териңиз. Мурда алынган ишеним төлөмдүн аракет мөөнөтү аяктап,  убагында кайтарылгандан кийин гана кайрадан насыя алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы