Перейти на новый сайт
MegaCom: «Онлайн-жардамчы» каалаган сурооңузга жооп берет

MegaCom: «Онлайн-жардамчы» каалаган сурооңузга жооп берет

 

MegaComдун аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтарынын катарына «Онлайн-жардамчы» акысыз кызматы кирет. Кызматтын жардамы менен реалдуу убакыт режиминде тейлөө кызматтарына байланыштуу бардык суроолорго жооп ала аласыз.

Жаңы ыңгайлуу сервис убакытты үнөмдөөгө жана тарифтик пландар, кызматтар,байланыш түйүнү жеткиликтүү болгон аймак жана башка  керектүү маалыматты тез аранын ичинде табууга жардам берет. «Онлайн-жардамчы» кызматынан мобилдик  оператордун  сайты аркылуу колдонуп, браузердин терезечеси аркылуу интерактивдүү баарлашуу жолу менен адистен кеп-кеңеш алууга болот. Кызматтын интерфейси жөнөкөй жана түшүнүүгө оной.

MegaCom абоненттерди сапаттуу жана ыңгайлуу тейлөөгө өзгөчө көңүл бөлөт. Бул багытта жаңы технологиялар ишке киргизилип, абоненттик тейлөөгө байланышкан бардык операцияларды өз алдынча жана ыкчам ишке ашырууга болот. Кеп-кеңеш берүү кызматтарын онлайн-режимде  көрсөтүү- бул  абоненттерге маалымат берүүнүн кошумча мүмкүнчүлүгү.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы