Перейти на новый сайт

MegaCom роуминг-өнөктөштөр тизмегин көбөйтүүдө

MegaCom роуминг-өнөктөштөр тизмегин көбөйтүүдө

 

MegaCom компаниясы 3G/GPRS роуминг кызматынан пайдаланууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин үзгүлтүксүз толуктап келет. 2016-жылдын август айынан тарта MegaCom абоненттери BeST (Белоруссия), Pelephone (Израиль), M:tel (Босния жана Герцеговина), Unitel (Ангола) жана Movitel (Мозамбик) операторлорунун түйүндөрүндө өз номурун өзгөртпөстөн, төлөм жүргүзүүнүн кийин төлөнүүчү системасы боюнча эсептелчү жогорку ылдамдыктагы интернет менен колдонуп, жакындары менен байланышта боло алышат.

MegaCom абоненттери дүйнөнүн ар жеринде каалаган маалда байланышта болушу үчүн өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору көп талап кылынган тараптарды тандап, өлкөлөрдүн географиясын кеңейтип келет. Кээбир өлкөлөрдө бир нече операторлор менен роуминг боюнча макулдашуу бар, бул мүмкүнчүлүк каптоо аймагынын кенен болушуна шарт түзөт.

Чет элге сапарга чыгаар мурун компаниянын Филиалдык түйүнүнө кайрылып роуминг кызматын кошуңуз.

MegaCom – чектөөсүз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы