Перейти на новый сайт

MegaCom кыргызстандыктарга Риодогу Олимпиадалык оюндарды түз алып көрсөтөт!

MegaCom кыргызстандыктарга Риодогу Олимпиадалык оюндарды түз алып көрсөтөт.

Кыргызстандыктар да  дүйнө калкынын көңүл борборунан орун алган  спорттук мелдешти көрө алышат. Мындай мүмкүнчүлүктү мекендештерибизге өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору MegaCom компаниясы тартуулайт. Риодогу оюндарга барууга мүмкүнчүлүгү болбосо дагы, MegaComдун сапаттуу байланышы аркылуу ар бир мекендешибиз төрт жылдыктын ири спорттук оюнунда  болгондой сезимдерге чөмүлүп, өздөрүнүн сүйүктүү спортчуларын колдоп, жөнөкөй сөз менен айтып жеткире алгыс таасирлерин досторуна билдире алышат.

Рио-де-Жанейродогу спорттук  мелдештери август айынын 5инен 21ине чейин КТРК, КТРК-Спорт, НТС, ЭлТР жана 7-канал телеканалдары аркылуу түз алып көрсөтүлөт. КТРК-Спорт телеканалы бардык оюндарды түз эфирде көрсөтөт. Калган каналдар убакыттагы айырмачылыкты эске алуу менен оюндарды жазып алып көрсөтөт. Көрөрмандар түз эфирлерди, Олимпиада күндөлүктөрүн жана жазылып алынган оюндарды өлкөбүздүн каалаган жеринен көрө алат. Мелдештердин ырааттамасы MegaCom компаниясынын facebook.cominstagram.comok.ru расмий социалдык баракчаларында жарыкка чыгат.

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов:

-Кыргызстандагы спорттун өнүгүүсү мамлекеттин деңгээлинде гана болбостон, социалдык жоопкер ишкерликтин дагы алдыга койгон маселеси ,– деп эсептейм. MegaCom компаниясы үчүн бул багытта иш алып баруу – алдыга койгон маселелердин бири. Заманбап атлетчилерибиздин жетишкендиктерин реалдуу режиминде көрүү мүмкүнчүлүгү көптөрдү спорт менен машыгууга үндөөрүнө ишеничтемин. Заманбап  технологияларыбыздын жардамы менен алдыңкы телекоммуникациялык оператор катары бардык кыргызстандыктарды кайсыл гана аймакта, шаарда жашабасын спорттун каалаган түрү менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүп бере алабыз.

Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын Башкы өнөктөшү MegaCom компаниясы экендигин эсиңиздерге сала кетели. Башкы өнөктөштүк  статусу  спортчуларга маалыматтык колдоо гана көрсөтпөстөн, спорт менен машыгууга да үндөйт. Өлкөбүздүн бардык жеринде жеткиликтүү болгон MegaComдун мобилдик интернети ар бир абонентке смартфон же планшет аркылуу реалдуу режимде заманбап ыкмаларды колдонуп, спорт менен үйдө, залда, мектеп стадионунда же үйдүн короосунда машыгууга шар түзөт.

MegaCom менен Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин кызматташтыгынын негизинде  өлкөбүздүн ар бир олимпиадачысы жамы журтубузга таанымал болду. PR жаатында көп иштер аткарылды, профессионалдык фотосессиялар өткөрүлдү, 2016-жылдын эксклюзивдүү календары

түзүлүп, видеороликтер тартылды, эми өлкөбүздүн негизги телеканалдарынан Кыргызстандын чыгаан спортчулардын оюндарын көрүүгө болот. Өлкөбүздүн бардык аймактарында жайгаштырылган  жарнактык орнотмолордон бизге назар салган олимпиадачыларыбыз – биздин сыймыгыбыз!

MegaCom – спорт  жана сергек  жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы