Перейти на новый сайт
Руслан Царев: «Сенин чемпион болушуң өзүңдөн гана көзкаранды»

Руслан Царев: «Сенин чемпион болушуң өзүңдөн гана көзкаранды»

Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын Башкы өнөктөшү MegaCom мобилдик оператору «Инсандын таржымалы» долбоорун улантууда. Долбоордун максаты - 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы өтүүчү жайкы Олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар менен коомчулукту тааныштыруу. Бүгүнкү каарманыбыз – Кыргызстанда гана эмес,  чет өлкөлөрдө  да кадыр-баркка ээ болгон, келечегинен  көптү үмүттөндүргөн жаш спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны- Руслан Царев.

 

Спортко кандайча келип калгандыгыңыз  тууралу айта кетсеңиз.

 2004-жылы «Беркут» спорттук клубуна эгиз бир тууганым Роман менен баргам. Бизди биринчи жолу барганыбызда албай коюшкан, бирок биз бара бергенибизди токтотподук, акырында бизди машыгууга алышты. Ошентип биз күрөшө баштадык. Ал клубда атагы алыска жеткен бир туугандар Шухрат жана Фархад Ушуровдор машыктырышат. Алар биздин биринчи машыккан күнүбүздөн баштап бүгүнкү күнгө чейин устаттарыбыз болуп келет. Мен Бишкекте болгондо алардын көзөмөлүндө машыгам, ал эми жыйындарга барганда машыгуумдун жүрүшүн командабыздын башкы машыктыруучусу Пекиндеги Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев жана улук машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектейт.

Кайсы беттешүүңүз эсиңизде калды?

2014-жылдагы чоңдор арасындагы Азия чемпионаты эсимде калган, мен анда 66 кг чейинки категорияда чемпион болгом. Белгилей кетейин, Азия чемпионатында Кыргызстандан алты  спортчу «алтынды» алган, алардын арасында: атагы алыска жеткен маркум Раатбек Санатбаев, Пекиндеги Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев, Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев, Жанарбек Кенжеев, Данияр Көбөнов жана мен. Мен бул наамга жеткен эң жаш спортчу болдум. Ошол кезде алардын жаш курагы 25тен 30 жашка чейин болсо, мен алтынды 22 жашымда утуп алгам.

Спортчу чемпион болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Эгерде сен жеңишке жетүүнү кааласаң, бардыгы сенин жөндөмдүүлүгүңө жараша болот, булар сенин эмгекке жарамдуулугуң, чыдамкайлыгың  жана максатка умтулгандыгың. Албетте, кайсы бир нерсе ишке ашпай калган учурлар болот. Мындай жагдайда өзүңдү таштап, жеңилдим деп спорттон кетпеш керек, өзүңө ишене билип, чыдап эмгектенүү керек. Спортчу өзүн ар тараптуу өстүрүшү керек.

Олимпиадага даярдык кандай?

Биз төрт жылдыктын маанилүү спорттук  иш-чарасына  билек түрө даярданып жатабыз. Армения, Польша  жана  Түштүк  Кореяга  барып, башкы оюндарга  даярдык көрүп  келдик. Бул күндөр аябай чыдамкайлыкты талап кылды десем болот.  Өз жакындарыма, досторума мага көрсөткөн колдоосу үчүн терең  ыраазычылык билдирем. MegaCom компаниясынын бизди колдоп, анын ичинде өзгөчө  маалыматтык колдоо көрсөтүп жаткандыгы жалпы журтубузга маалым. Бизге –спортчуларга да,  жакындарыбызга да белгилүү телеканалдар аркылуу өзүбүз  тууралуу видеороликтерди, ал эми шаарыбыздын  борбордук  көчөлөрүнөн  жүздөрүбүз чагылдырылган баннерлерди көрүү  абдан жагымдуу. «Спорт курулмаларын башкаруу  жана спорттук камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын башчысы Эдил Касеновго да өзгөчө ыраазычылык билдире кетмекчимин.

Жеңишиңизди кимге арнамакчысыз?

Өз жеңишимди биринчи кезекте сүйүктүү үй-бүлөмө жана жалпы Кыргызстанга арнайм.

Сунушталган кызматтар

  • SmartBook

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Роуминг»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы