Перейти на новый сайт
Телефондун жардамы менен, жакындарыңыздын жүргөн жерин  кантип көзөмөлдөөгө боло тургандыгын билиңиз.

Телефондун жардамы менен, жакындарыңыздын жүргөн жерин  кантип көзөмөлдөөгө боло тургандыгын билиңиз.

MegaCom мобилдик оператору,  өз абоненттеринин жакындары-балдары, улгайып калган ата-энеси же  бир туугандары  кайсы жерде жүргөндүгүнөн кам санабастан, ар дайым билип туруусун шарттаган мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап келет. Бирок, бул учурда көзөмөлгө алынып жаткан адамдын макулдугу сөзсүз керек. Ыңгайлуу кызматтардын бири болгон «Балдар кайда?» кызматынын жакындарыңызга камкордук көрүүңүзгө көмөктөшүүчү мыкты жардамчы экендигин тастыктаган 7 себепти белгилей кетели:

  1. Керектүү белгиси менен картага шилтемени жана болжолдуу даректи көрсөткөн координаттар аркылуу балаңыздын жүргөн жери тууралуу ар дайым кабардар болосуз. Координаттар камтылган SMS- билдирүү  жөнөкөй телефонго да келет, картаны ачууда  интернет-трафик  тарифтелбейт.
  2. Бардыгы жөнөкөй! Болгону *089*055Ахххххх# буйруусун терүү керек. Сиз көзөмөлдөөнү каалаган абонент болсо текшерүүгө макулдугун тастыктоо үчүн,  «1» тексти менен  SMS жөнөтүүсү абзел.
  3. «Автомаалымдоо» кызматын кошуп алсаңыз, сиз көзөмөлгө алган абонентке тынымсыз чалып жана SMS-билдирүү жөнөтүп тынчын албайсыз. Белгиленген убакытта анын учурдагы жүргөн  жери тууралуу билдирүү алып турасыз.
  4. Шашылыш кырдаалда балаңыз оңой жаттала турган  *91# буйруусунун жардамы менен  SOS-билдирүү жөнөтө алат. Ошол эле замат баланын координаттары тууралуу маалымат ата-энесине келет. Айына эки шашылыш билдирүү акысыз.
  5. Кызмат ай сайын талап кылынуучу милдеттүү түрдөгү чыгымдарсыз жана абоненттик төлөмсүз көрсөтүлгөндүктөн, зарыл учурда кызматтан пайдалана аласыз.
  6. «Балдар кайда?» кызматы кошулган учурда жоголгон телефонду тез эле таап алууга болот.
  7. «Балдар кайда?» Кыргызстандын жалпы аймагын камтыган  MegaCom тармагында аракетте.

Кызмат тууралуу кошумча маалыматты сайт аркылуу  жана  *89 акысыз номуру боюнча алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы