Перейти на новый сайт
MegaCom кызматкерлери  тарабынан  Бүткүл дүйнөлүк донор күнүнө карата 23 литр кан тапшырылды

MegaCom кызматкерлери тарабынан Бүткүл дүйнөлүк донор күнүнө карата 23 литр кан тапшырылды

Жума күнү, 14-июнду-Донор күнүн утурлай, MegaCom компаниясында  корпоративдик Донор күнү белгиленди. Жарым сааттын ичинде Кыргыз Республикасынын Республикалык кан борборунун медициналык кызматкерлери компаниянын башкы кеңсесинде кан тапшыруучу бөлмөлөрдү  даярдашты. Каалоочуларга кан тапшырууга байланыштуу тиешелүү кеп кеңештер берилип жатты. 

Кан тапшырууну каалаган 50 дөн ашык кызматкер – жетекчилер,  техникалык, административдик дирекциялардын  жана башка бөлүмдөрдүн адистери ыктыярдуу түрдө кан тапшырышты. Алардын айрымдары алгачкы жолу кан тапшырышса , айрымдары үчүн бул биринчи жолкусу эмес. Бир нече сааттын ичинде компанияда уюштурулган чакан донордук түйүндө 23 литр кан тапшырылды.Топтолгон кан донордук канга жана анын башка компоненттерине күн сайын муктаж болгон оорулууларга  берилет.

Өмүрү кылдын учунда турган бейтаптарыбыз үчүн эң маанилүү болгон, аларды ажалдан арачалап кала турган кандын маанисин,анын ооруканаларда жетишсиздигин кыргызстандыктардын эсине сала кетүү максатында «Жашоо тартуулаңыз: кан донору болуңуз» акциясын жыл сайын  өткөрүп туруу салтка айлангандай. Ушул үч жылдын ичинде мындай мүнөздөгү акциялардан четте калбай , мекендештерин өмүрүнө кайдыгер карабаган MegaCom компаниясынын адистеринин саны 250дөн ашып, алар тарабынан 120 литрге чамалуу кан тапшырылган.

MegaCom – социалдык жооптуу компания катары мекендештеринин муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн  көз жаздымда калтырбай келет. Билим берүү, мадният, спорт тармактарын өнүктүрүүгө гана көмөктөшпөстөн, мобилдик оператор социалдык багыттагы анын ичинде саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү демилгелерге колдоо көрсөтүп келүүдө.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы