Перейти на новый сайт

MegaCom «Жеке кабинети»  менен  номуруңуздун  мүмкүнчүлүктөрүн  башкарыңыз

MegaCom «Жеке кабинети»  менен  номуруңуздун  мүмкүнчүлүктөрүн  башкарыңыз

 

Эми, MegaComдун ар бир абоненти:«Өзүмө өзүм кожоюнмун» деп ишенимдүү түрдө айта алат. Мунун себеби  www.megacom.kg жаңы  сайтында  «Жеке кабинет» өзүн-өзү тейлөө сервисинин жакшыртылган версиясынын ишке киргизилгендигинде. Жөнөкөй жана түшүнүүгө оңой  интерфейс аркылуу жеке онлайн-кабинеттен пайдалануу мурдагыдан да ыңгайлуу болуп калды.

MegaCom  сайтында  «Жеке кабинеттин»  бардык ыңгайлуулуктары менен пайдалануу үчүн  системага кирип  өз номуруңузду жана жашырын сөзүңүздү көрсөтүңүз. 0555 акысыз  номуруна   SMS жөнөтүү аркылуу жашырын сөздү аласыз.  Андан соң тарифтик планыңызды  алмаштырып, көңүлүңүзгө төп келген тарифти жана кызматты кошуп, жеке эсебиңиздин балансын жана номуруңуздун статусун,төлөмдөрүңүздү текшерип  жана  сервистик маалымдоолорду тескей аласыз.

Мындай жаңычыл кадамдарды компаниянын үзгүлтүксүз өнүгүүсүнүн көрсөткүчү катары кароого болот жана абоненттеринин мүдөөлөрүнүн башкы орунда экендигинен кабар берип турат. Уюлдук оператордун  ийгиликтүү ишмердигинин он жылдыгына жана 4G LTE түйүнүн ишке киргизүүгө карата сайтты жаңылоо жана модернизациялоо жумуштары байма-бай жүргүзүлүп келүүдө. Сөзүбүзгө аралжы,  MegaCom 4G LTE түйүнүнө  кошулуу тууралуу толук маалымат 4g.megacom.kg. атайын баракчасында жайгаштырылгандыгын кошумчалай кетели.

www.megacom.kg сайтындагы «Жеке кабинетиңизге» кош келиңиз !

Сунушталган кызматтар

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы