Перейти на новый сайт
Мыктылардын  эмгеги  татыктуу  бааланды

Мыктылардын  эмгеги  татыктуу  бааланды

7 -май Радио жана байланыш күнү катары коомчулукка маалым. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги, өз кезегинде, Маалымат технологияларынын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан компаниялардын жана ушул чөйрөдө талыкпай эмгектенип келе жаткан кызматкерлердин  ролун  белгилеп, алардын  катарында  MegaCom компаниясынын адистеринин кесипкөйлүгүнө жогору баа берди. Кубанычбек Егенбердиев, Владислав Хе, Иван Карманов, Елена Бубнова жана  Назира Султанова министрликтин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Мындан тышкары, байланыш тармагына кошкон салымы  жана ак ниеттүү эмгеги үчүн MegaCom компаниясынын бир катар кызматкерлери  Батырбек Джумабеков, Галина Новикова, Игорь Мележик, Улан Абдрахманов, Рита Ибраимова, Степан Суртаев, Белек Жуманазар уулу жана Мирлан Илеев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин Ардак Грамоталарынын ээси болушту.

MegaCom компаниясынын иш билги адистери  өлкө  боюнча 3 миллиондон ашуун абоненттерди  байланыш менен камсыздап келишет.

Компания жамааты өз кесиптештерин сыйлыгы менен куттуктайт, алардын ишине ийгиликтерди каалайт жана жаңы бийиктиктерди багындыра берүүсүнө тилектеш экендигин билдирет!

Сунушталган кызматтар

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы