Перейти на новый сайт

Юрий Краковецкий: «Спорт мыкты болууга милдеттендирет»

Юрий Краковецкий: «Спорт мыкты болууга милдеттендирет»

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети менен түзүлгөн кызматташтыктын алкагында, MegaCom компаниясы өз окурмандарына жакынкы аралыкта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиадалык оюндарына катыша турган ата мекендик спортчуларыбыз менен тааныштырып келет. Дүйнөнүн беделдүү спорттук биринчилигинде өлкөбүздүн намысын коргоого даярдык көрүп жаткан дүйнө жүзүндөгү алдыңкы жыйырма дзюдочунун катарын толуктаган, тажрыйбалуу спортчу, бир катар эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону Юрий Краковецкий.

Юрий, Олимпиада-2016га даярдык тууралуу айтсаңыз?

Даярдык кызуу жүрүп жаткан кез. Күнүнө эки жолу машыгып жатабыз. Ишембиде бир машыгуу болот, жекшемби күнү – дем алыш. Бул балким кээ бирөөнө көп болуп көрүнөөр, бирок мен өзүмдү тынымсыз машыгуусуз элестете албайм. Бардык таймаштар жана эл аралык мелдештер өтүп, керектүү упайлар топтолду. Азыркы кезде эл аралык рейтингде менин позициям жакшы. Олимпиадага даярдык эң мыкты!

Спорт менен кайсы убактан тарта машыга баштадыңыз?

Спорт менен 9 жашымдан тарта машыгып келем. Ал кезде жөн гана балалык кызыгуу болгон болсо керек, бирок ойлоп көрсөм дал ошол учурда чоң спортко чыйыр салынгандай. 14 жашымда дзюдого кызыга баштадым. Спорттун бул түрү куралсыз коргонууну жана философияны өз ичине камтыйт. 16 жашымда Якутияда өткөн мелдешке катышып, коло медалга татыктуу болгонум эсимден кетпейт. Бул жеңиш мен үчүн чыныгы спорт дүйнөсүнүн каалгасын ачты десем жаңылбайм.

Машыгуу үчүн канча убакыт бөлөсүз?

Күн сайын эки маал машыгам. Ишемби күнү бир жолу машыгам, жекшемби-дем алыш. Кээ бирөөнө бул көптөй сезилиши мүмкүн, бирок мен өз жашоомду тынымсыз машыгууларсыз элестете албайм.

Бош убактыңызда кантип эс аласыз?

Эс алуум деле спорт менен байланыштуу өтөт (Күлүп). Досторум менен жолугуп, футбол ойнойбуз.

Юрий, чоң спортко баш байлап жаткан жаш спортчулар үчүн кандай сапаттар маанилүү?

Биринчи кезекте, машыккан сайын көөдөнгө батпаган каалоо. Экинчиден, талыкпаган эмгек, темирдей тартип, өзүн-өзү өнүктүрүү. Ал эми эң башкысы-спортту сүйө билүү. Албетте MegaCom сыяктуу ири компаниялардын колдоо көрсөтүүсү чоң мааниге ээ. MegaCom компаниясына колдоо көрсөтүү үчүн ыраазычылык билдиргим келет!

Олимпиада-2016га жеңишке жетишсеңиз аны кимге арнайсыз?

Мага ишенип, мени жеңишке шыктандырып келе жаткандарга: машыктыруучума, ата-энеме жана да бардык кыргызстандыктарга арнамакмын.

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы