Перейти на новый сайт
MegaCom: Кербен шаарында жаңы Фирмалык салон ачылды

MegaCom: Кербен шаарында жаңы Фирмалык салон ачылды

MegaCom компаниясы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында кезектеги Фирмалык салонун ачты. Жаңы фирмалык салондо абоненттерге USB-модемдерди сатып алуу, оптималдуу тарифтик планды тандоо, кызматтарды кошуу, номурду алмаштыруу же SIM-картаны каттоо, байланыш кызматтары боюнча кесипкөй кеңештерди алуу сыяктуу байланыш кызматтарынын кеңири түрү сунушталат. Салтка айлангандай эле Фирмалык салондун ачылышына карата 2015-жылдын 1-апрелинен 14-апрелине чейин «50 акысыз SMS» атайын акциясы аракетте болот.

MegaCom компаниясынын Фирмалык салону Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен ш., Үмөталиев көч., 159 ( «Акын- Ордо» соода борборунун имараты) дареги боюнча өз абоненттерин күтөт. Иш убактысы: 09:00 дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу маалы саат 12:30 дан 13:30га чейин, дем алыш күн - жекшемби.

MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун жана Фирмалык салондорунун даректери тууралуу толук маалымат компаниянын www.megacom.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

 

Сунушталган кызматтар

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы