Перейти на новый сайт

MegaCom: Бишкекте велосезон-2015 ачылат

MegaCom: Бишкекте велосезон-2015 ачылат.

2016-жылкы Олимпиадада Кыргызстандын курамасынын башкы өнөктөшү болгон MegaCom спорттук иш-чараларга колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы жалпыбызга маалым. Бул ирет компания 2015-жылдын 22-март күнү өтө турган велосезондун ачылышына баардык каалоочуларды чакырат. Салтка айланган веложүрүш шаарыбыздын көчөлөрүнөн башталып, «Орто-Сай» тоо массивине чейин уланмакчы.

Бул иш-чарага катышууну каалагандардын жаш курагы жана велосипед тебүү боюнча тажрыйбасы анчалык мааниге ээ эмес. Болгону велосипеди шайма-шай болуусу керек. Уюштуруучулардын айтымында, Бишкекте велосезонду ачуу боюнча иш-чара он жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жылдарда катышуучулардын саны өскөндүгү байкалууда. Өткөн жылы веложарышчылардын саны 200дөн ашык адамды түзсө, быйыл велосүйүүчүлөрдүн саны 350гө жете тургандыгы болжолдонууда. MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов баштаган мегакомчулар алдын-ала белгиленген багыт боюнча жол тартышат.

«Белгилей кетсем, Олимпиадалык кыймылдын бир катар принциптери- спортто жана жашоодо мыкты ийгиликтерге жетүү, атаандаштарын сыйлай билүү, теңтайлашуунун эрежесин сактай билүү, таза атаандаштык – мунун баары MegaCom компаниясынын негизги баалуулуктарына жана иштөө принциптерине шайкеш келет, спорттун кайсы гана түрү болбосун ачылыштарга дем берип, алдыга умтулууга үндөп, жетишкендиктерге шыктандырат. Велоспорт жакындарың жана досторуң менен көңүлдүү убакыт өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзө алат», - деген ою менен бөлүшө кетти, MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Веложүрүштүн бардык катышуучуларын MegaCom компаниясынын фирмалык футболкалары күтөт. Кыска көрсөтмөлөрдөн соң веложүрүшчүлөр тобу Чүй, Манас проспектилери, Бөкөнбаев, Совет көчөлөрү аркылуу өтөт. Түштүк дарбазага жетип, бир аз эс алгандан кийинки багыт Отро-Сай айылы болмокчу.

Түштүк Дарбазадагы эс алуу жайына жеткен учурда,бир аз убакыт өргүү алган соң Орто-Сай айылына жол тарткан веложүрүшчүлөр кыймылы Байкер-Кросс боюнча мелдештер өтүүчү экстрим трассада топтолушат. Бул жерде бардыгын майрамдык түштөнүү, мобилдик оператор тарабынан уюштурулган конкурстар жана белектер күтөт. Социалдык тармактардагы баракчалардан иш- чара тууралуу кабардар болуп туруңуз.

MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы