Перейти на новый сайт
MegaCom командасы «Газпром нефть Азия» турниринде күмүш медалга татыктуу болду

MegaCom командасы «Газпром нефть Азия» турниринде күмүш медалга татыктуу болду

MegaCom компаниясынын спортчулары «Газпром нефть Азия» ЖЧКнын Кубогу үчүн мини-футбол боюнча VIII эл аралык турниринде ІІ орунду ээледи. Футболдук таймаш үстүбүздөгү жылы бирдин айынын үчүнөн сегизине чейин өткөрүлгөн.

Сегиз жыл катары менен өткөрүлүп жаткан мелдеш эл аралык статуска ээ болду. Турнирдин жүрүшүндө Кыргызстандын футболчуларынан тышкары Казакстандын спортчулары дагы күч сынашты. MegaCom курамасы баш байге үчүн ат салышкан 20 команданын алдыңкы тизмегинде болду.

«Манас» курама командасы менен болгон беттешүүнү эсептебегенде, мегакомчулар «Аракет», «Ногайбай», «Банкир», «Фарватер» командалары менен болгон таймашта өз атаандаштарын жеңип алышты.

Айтмакчы, 2014-жылдагы жай-кыш сезонунда уюлдук оператордун командасы биринчи орунду ээлеп, I дивизиондун Fut-Лигасында Премьер- лигага чыккан эле. 2015-жылдын январында мамлекеттик түзүмдөрдүн арасында футзал боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү «Наристе» эл аралык турниринде чемпиондук наамга татыктуу болгон. «MegaCom – Талас» командасы жакында

Талас облусунун Чемпионатында биринчилик үчүн күч сынашмакчы. 2011-жылы башталган «Mega Футбол» долбоору спорттун аталган түрүн өнүктүрүүгө чыйыр салды десек жаңылышпайбыз. Мыкты саамалык компаниянын жамааты тарабынан да колдоого арзыганына спорт жаатындагы жетишилип жаткан ийгиликтер күбө.

Сунушталган кызматтар

  • Ким чалды?

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы