Перейти на новый сайт

MegaCom номурду каттоодон өткөрүү акысыз экендигин баса белгилейт!

MegaCom номурду каттоодон өткөрүү акысыз экендигин баса белгилейт!

Урматтуу абоненттер,

SIM-карталар каттоодон акысыз өткөрүлө тургандыгын дагы бир ирет эскерте кетмекчибиз. Номурду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүдө акы талап кылынган учурлар мыйзамсыз болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 токтому менен бекитилген “Жылуучу радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү тууралуу” Токтомуна жана уюлдук операторлордун лицензиялык милдеттенмелерине ылайык SIM-картаны 2015-жылдын 8-мартына чейин каттоодон өткөрүү талапка ылайык. Келишим түзүү үчүн MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылып, инсандыгын ырастаган документтердин бирин (паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, аскер билетин же бааргердин күбөлүгүн) көрсөтүүсү жетиштүү.

MegaCom менен келишим түзгөн абоненттерге түйүн ичиндеги акысыз мүнөттөр же SMSтер, Интернет-трафиктин мегабайттары түрүндөгү бонустар тартууланат. Бонустарды берүү боюнча акция 2015-жылдын 31-мартына чейин уланат.

MegaCom – өз номурларыңызды каттоодон акысыз өткөрүңүз.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon