Перейти на новый сайт

MegaCom базалык станциялар боюнча пресс-тур уюштурду

MegaCom базалык станциялар боюнча пресс-тур уюштурду

Кыргызстандын ири мобилдик байланыш провайдери мекенибиздин түштүк аймагындагы массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурду. MegaCom маалымат десанты Кызыл-Кыя шаары аркылуу өтүп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын да камтыды.

Пресс-турдун программасына ылайык маалыматтык топ электромагниттик толкундардын нурлануусун өлчөө максатында компаниянын базалык станцияларында болуп жана алардын зыянсыздыгы тууралуу жергиликтүу тургундарга көрсөтмөлүү маалымат берип жатты.

Жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан жолугушууларда журналисттер менен биргеликте нурлануу маселесине кайдыгер карабаган жергиликтүү жашоочулар да келип жатышты. Бул маселе боюнча эксперт катары атайын чакырылган КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Жаныбек Арзыкулов уюлдук оператор тарабынан орнотулган базалык станциялардын айланасында отурукташкан калк үчүн жабдуулардын зыян келтирбей тургандыгын баяндап, тестирлөөнүн жыйынтыктарын көрсөтүп жатты. Улуттук уюлдук оператордун базалык станцияларынын электромагниттик нурлануусунун кубаттуулугу чарчы сантиметр үчүн 10 микроваттан ашпагандыгын жана белгиленген нормадан ашпагандыгын белгиледи.

MegaCom компаниясынын жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытованын айтымында, каптоо аймагын үзгүлтүксүз кеңейтүүгө жана жогорку сапаттагы байланыш кызматтарын тартуулоого шарт түзүүчү ири тармакты куруу иштери, уюлдук операторунун техникалык адистеринин талыкпас эмгегинин жемиши. Базалык станцияларды орнотуу бир нече жолу өлчөө жана эсептөө иштерин жүргүзгөндөн кийин ишке ашырылат: жергиликтүү ландшафттын түзүлүшү, потенциалдуу абоненттердин саны, башка базалык станциялардын жана радио байланыш объектилеринин болгондугу эске алынат. Базалык станцияларды жайгаштыруу жана алардын конфигурациясы байланыш сапатынын негизги көрсөткүч фактору. Бүгүнкү күндө, компаниянын байланыш тармагы менен тоолуу республикабыздын аймагынын 95 пайызы капталган.

MegaCom – бул ар бир кыргызстандык үчүн сапаттуу, туруктуу жана коопсуз байланыш.

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы