Перейти на новый сайт
MegaCom ISO 9001:2008 сапатындагы эл аралык стандартка шайкештигин далилдеди

MegaCom ISO 9001:2008 сапатындагы эл аралык стандартка шайкештигин далилдеди

MegaCom компаниясы («Альфа Телеком» ЖАК) - өз ишмердүүлүгүн ISO 9001:2008 сапатындагы эл аралык стандарттын талаптарына ылайык жүргүзүп келе жаткандыгын далилдеген жана сапаттык менеджмент тутумунун тастыктоосунан ийгиликтүү өткөн Кыргызстандагы бирден-бир уюлдук оператор. 

MegaCom компаниясынын эл аралык стандарттагы сапаттык менеджмент тутумуна шайкештиги дүйнө жүзүндөгү алдыңкы жана ири тастыктоо органдарынын бири, тастыктоо боюнча эл аралык Көз карандысыз уюмунун (Independent International Organization for Certification) мүчөсү болгон TÜV International Certification (TIC) тастыктоо органы TÜV Thüringen e.V. катталган коому тарабынан аныкталган.

Аталган орган дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнүн 100миңден ашуун уюмдарынын сапаттык менеджмент тутумунда эл аралык стандарттарга шайкештигин тастыктаган. Ушуга байланыштуу TÜV Тастыктамалары дүйнө жүзүндө жогору бааланат.

Компания адистеринин кесипкөйлүгү, маалымат тутумун кеңири колдонуу менен коюлган милдеттерди ыкчам аткара билүүсү, ички корпоративдик дем жана ар бир кызматкердин кардар таламдуулугу гана ири байланыш операторунун ийгилигине шериктеш болуп келет.

Эл аралык тастыктоого ээ болуусу- керектөөчүнүн өз мүдөөсүнө ылайык келген сапаттуу өнүм менен камсыз болуусунун кепилдиги. Компания өз абоненттерин кынтыксыз тейлөөнү артыкчылыктуу милдеттеринен деп эсептейт.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы