MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 1-октябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Ош шаарындагы Рашид Юнусов, Исанов көчөлөрү жана насос заводу, бажыкана аймагы;
- Жалал-Абад облусунун Масадан айылы;
- Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын Гагарин көчөсү, Балыкчы шаарындагы жылытуучу жабдуулар аймагы, Каракол шаарынын Курманалиев көчөсү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы